Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

ЕККУ: Шайлоо мамлекеттик институттарга ишеним азайганын көргөздү


Парламенттик шайлоодогу байкоочулар. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Парламенттик шайлоодогу байкоочулар. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы биргелешип, Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзгөн.

Шайлоо өнөктүгү, добуш берүү жараянына көз салган байкоочулар 29-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, байкоолору менен бөлүштү. Анда Кыргызстандагы парламенттик шайлоо атаандаштыкта өткөнү, бирок добуш берүүгө эл солгун катышканы белгиленди. Буга шайлоонун шашылыш дайындалып, кыска убакытта өткөнү, парламенттин ролун алсыздандырган конституциялык өзгөртүүлөр себеп болгону айтылды.

Шайлоонун жаңы системасы менен таанышууга шайлоочуларга да, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө да кенен убакыт берилбегени белгиленди.


Байкоочулар жалпы 3,6 млн. шайлоочунун болгону 28% гана добуш бергенин шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону менен байланыштырган.

"Бул шайлоо былтыркы президенттик башкарууга жана башка саясий өзгөрүүлөргө алып келген жокко чыгарылган шайлоодон кийинки процесс катары каралышы керек. Жаңы Конституция бийликтеги тең салмакты өзгөртүп, парламенттин алсызданышына алып келди. Кечээ добуш берүүнүн солгун болушу - коомчулукта мамлекеттик институттарга ишеним кете баштаганын көрсөтүп турат", - деди Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегация башчысы Марина Берлингьери.

Байкоочулар добуш берүү күнү тынч, жалпысынан мыйзам бузуусуз өткөнүн, бирок ошол эле учурда автоматтык үкөктөр иштебей калганын, айрым добушканалар ишине сырттан кийлигишүү учурлары катталганын айтышты.

Бир мандаттуу округдардан жеңишке жетишкен аял талапкерлер болбогонун, саясий партияларда аялдарга, улуттук азчылык өкүлдөрүнө, майыптыгы бар адамдарга бериле турган квотанын талаптары сакталарына кепилдик жоктугу айтылды.


Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жогорку билимдүү болушу керек деген талап жарандардын укугун чектеп, эл аралык нормаларга туура келбей турганы айтылды.

Кыргызстандагы шайлоого ЕККУ аркылуу 41 өлкөдөн 344 байкоочу, анын ичинде 283 эксперт катталган. Ал эми кыска мөөнөткө шайлоого көз салууга 68 депутат жана кызматкерлер катышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG