Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Саакашвили Тбилисидеги сотко өзү катышууда


Михаил Саакашвили Тбилисидеги сотто. 29-ноябрь 2021-жыл
Михаил Саакашвили Тбилисидеги сотто. 29-ноябрь 2021-жыл

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 29-ноябрда алгачкы жолу Тбилисидеги сотко катышууга мүмкүнчүлүк алды. Саясатчы октябрда Украинадан мекенине кайтып келгенден кийин кармалган. Бир айдан ашуун ачкачылык кармаган экс-президент Горидеги аскердик базадагы ооруканада дарыланууда.

Саакашвили буга чейин сыртынан кесилип, ушул жылы күзүндө Грузияга келгенде камалган. Азыр анын үстүнөн дагы бир иш каралууда. Ага 2007-жылкы демонстрацияда күч колдонуу жана бизнесмен Бадри Патаркацишвилинин мүлкүн конфискациялоо боюнча кызматынан кыянат паядаланган деген айып тагылган. Саакашвили күнөөсүн моюнга алган эмес. «Азаттыктын» грузин кызматынын маалымдаганына караганда, дүйшөмбү күнү ал Грузиянын прокуратурасын жана сот системасын тааныбай турганын билдирди. Сотту жыйынтыгы "алдын ала белгилүү комедия" деп атады.

Саакашвили сотко өзү барып катышууну талап кылып келген. Буга чейин бийлик коопсуздук себептерине шылтоолоп, аны алып келүүдөн баш тарткан. Бирок талаптарга, анын ичинде Батыш өлкөлөрүнүн сынына баш ийди.

Сот имаратынын алдына экс-президенттин тарапташтары чогулду. Алар полиция менен тирешип, бир нече киши кармалганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG