Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Алматыда Кытай консулдугунун алдына чыккан алты кишини полиция кармады


Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар Кытайдын Алматы консулдугунун алдында. 12-май, 2021-жыл. Архив сүрөт.
Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар Кытайдын Алматы консулдугунун алдында. 12-май, 2021-жыл. Архив сүрөт.

Алматыда Кытай консулдугунун алдына чыккан алты кишини полиция кармап кетти. Шинжаңдагы жакындарын абактардан жана “кайра тарбиялоо лагерлеринен” бошотууну, Казакстанга келүүгө уруксат берүүнү талап кылган акциялар февралдан бери жүрүп жатат. Кармоо учуру тартылган видеону “Фейсбукка” жарыялаган активист Байболат Кунболатулун да кармап кетти.

Кармалгандардын бири полиция алардын чөнтөк телефондорун тартып алышканын айтты.

Акция катышуучулары “тынч жыйындарды өткөрүнүн тартибин бузган” деген негизде буга чейин бир нече жолу административдик жазага тартылган. Кээ бирлери айып пулга жыгылса, башкалары камалган.

Кытай дипмиссиясынын өкүлдөрү аларга бир да жолу чыккан жок. Март айында Кытайдын Нур-Султандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңдагы камакта отургандар “Кытай жарандары” жана “Кытай мыйзамдарын бузушкан” деп билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы кырдаалды “Кытайын ички иши” деп атаган.

Эл аралык уюмдар жана Батыш Бээжин автономдуу аймакта уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандарга крашы геноцид уюштурган деп айыпташууда. Кытай репрессиялар тууралуу маалыматтарды четке кагып, “экстремизм жана терроризмге каршы күрөшкөнүн” айтып, “тарбиялоо лагерлерин” “кесипке үйрөтүү борборлору” деп атоодо.

XS
SM
MD
LG