Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

БШК добуштарды кол менен санап жатат


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо берилген добуштарды кол менен санап жатат. БШКнын “ГАС-Шайлоо” автоматтык системасынындагы маалыматка караганда саат 15:30гө карата 364 добушканадан протоколдор келип түшкөн, бул жалпы протоколдордун 14,60% түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 15:00гө карата алдын ала алынган жыйынтыктар боюнча 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын 2 434үнөн маалымат алынды, бул 97,59% түзөт.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3,7 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34,67% түздү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышты.

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча, алты партия 5% чектен өтүп, шайлоодо утканы жарыяланды. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16,83%
"Ишеним" - 13,60%
"Ынтымак" - 10,96%
"Альянс" - 8,31%
"Бүтүн Кыргызстан" - 6,93%
"Ыйман нуру" - 6,11% добуш алган.

Добуш берүү бүткөндөн соң добуштардын жыйынтыгын чыгарууда БШКнын онлайн системасы бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени БШКнын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG