Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Президент Жапаров добушун абактагы Жээнбековго бергенин ырастады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо добушун абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго бергенин ырастады. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

"Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүүгө тийиш. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин акыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышууга арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок", - деп жазган Жапаров добуш бергенин саясатташтырбоого чакырган.


Социалдык тармактарга Жапаровдун добуш берип жаткандагы сүрөтү тарап, анда бюллетенде Равшан Жээнбековго добуш берилгени көрүнүп калган. Президент бирдиктүү округ боюнча кайсы партияны колдогону сүрөттө көрүнгөн эмес.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакка алынган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округдан (Бишкектин №26 Ленин шайлоо округу) талапкер болуп катталган. Сот анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган эмес жана ал үгүт иштерине катыша алган жок.

БШКнын “ГАС-Шайлоо” автоматтык системасынындагы маалыматка караганда, ал шайлоочулардын 11% жакын добушун алды. Бул округда 30% ашуун добуш менен Жаныбек Абиров алдыга чыкты.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан 1006, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG