Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Кыргызстанда 2 млн. ашык киши коронавируска каршы вакцина сайдырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 млн. 733 адам вакцина алды. Анын 1 млн. 109 миңге жакыны биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанда 29-ноябрга карата дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптардын арасынан эки киши көз жумду.

Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдар борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот. Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinopharm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Түштүк Африка Республикасында коронавирустун "Омикрон" аттуу жаңы штаммы табылды. Ал организмдеги протеиндин курамына таасир бере турганы айтылууда. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн. Ал арда кыргыз өкмөтү коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу коркунучун талкуулаганын 28-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG