Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Токтакунов кол санактын жыйынтыгына ишенбей турганын айтты


БШКнын алдындагы митинг. Бишкек. 29-ноябрь, 2021-жыл.
БШКнын алдындагы митинг. Бишкек. 29-ноябрь, 2021-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан журналист Али Токтакунов добуш кагаздарын кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына ишенбестигин "Азаттыкка" билдирди.

"Кол санак деп атышат. Көз карандысыз байкоочулардын баарын добушканадан чыгарып салып, каалагандай эсептеп атышса, кол санак кантип акыйкат болот? Мына, Баткендеги байкоочуларга жыйынтыкты үч күндөн кийин аласыңар дептир, үч күн ичинде кандай гана бурмалоолорду жасаса болот. Демек, кол санакка да ишенич жок. Ошол үчүн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек".

Али Токтакунов быйылкы шайлоодо жараксыз бюллетендердин 128 миңден ашып кеткенин да атайын добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо аракетинин натыйжасы деп эсептейт.


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо берилген добуштарды кол менен санап жатканын БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Боршайкомдун алдында нааразылык митингинин катышуучуларына чыгып билдирген.

“ГАС-Шайлоо” автоматтык системасынындагы маалыматка караганда саат 15:30гө карата 364 добушканадан протоколдор келип түшкөн, бул жалпы протоколдордун 14,60% түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун автоматтык саноочу урналардан саат 15:00гө карата алдын ала алынган жыйынтыктар боюнча 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын 2 434үнөн маалымат алынды, бул 97,59% түзөт.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3,7 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34,67% түздү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышты.

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда.

Добуш берүү бүткөндөн соң добуштардын жыйынтыгын чыгарууда БШКнын онлайн системасы бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG