Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Гондураста биринчи жолу аял президент шайланышы мүмкүн


Сиомара Кастро. Гондурас, 28-ноябрь 2021-жыл
Сиомара Кастро. Гондурас, 28-ноябрь 2021-жыл

Гондурасты биринчи жолу аял президент жетектеши мүмкүн. Оппозиция лидери Сиомара Кастро жекшемби күнкү шайлоодо жеңгенин жарыялады.

Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, ага добуштардын 53,5 проценти тийди. Атаандашы Насри Асфура 34 процент алды. Кастро жеңсе, солчулдар 12 жылдан кийин кайрадан бийликке келет. 2009-жылы анын күйөөсү, Мануэл Селайя төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган.

62 жаштагы Кастрону ондогон талапкер колдоду.

Бул жолку шайлоо буга чейинкиге караганда таза өткөнү кабарланууда. 2018-жылы президент Хуан Орландо Эрнандес кайра шайланганда эл аралык байкоочулар жана оппозиция көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Нааразылык акциялар анда кан төгүүгө алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG