Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Бир мандаттуу шайлоо округдардан кимдер келет?


Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өттү.
Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдарда добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Көп добуш алып, алдыга чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу бар.

Ошондой эле буга чейин чуулуу окуяларда аты аталгандар, мурда-кийин саясатта болбогондор да илинди. Утулган талапкерлердин айрымдары добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу өңдүү көрүнүштөр болгонун айтып чыгышты.

Жогорку Кеңештин 11 депутаты кайра шайланат

Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин кеминде 11 депутаты кайра шайланып келет.

Маселен, Оштогу №4 Көк-Жар шайлоо округунда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Өмүрбек Бакиров 32.68% добуш алды. Бул округдан дагы бир талапкер, ушул жылдын апрель айында мандат алган депутат Равшанбек Рысбаев да катышкан жана ал дээрлик 30% жакын (29.66% ) добуш топтогон.

Бакиров 2011-2015-жылы "Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми 2018-жылы болсо КСДПнын тизмесинде мандат тийген жана ушул жылдын июнь айынан тартып аталган фракцияны жетектеп жаткан. Бакиров чет өлкөгө дарыланууга кеткен Иса Өмүркуловдун ордуна шайланган. Ал былтыркы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын тизмесинде болгон. Убагында ал уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган деген маалымат чыккан. Бакиров муну такай жокко чыгарып келет.


№7 Ош шайлоо округунан Жогорку Кеңештин "Бир бол" партиясынан депутат Айбек Осмонов дээрлик добуштардын теңин (49.74%) топтоду. Ал быйыл июлда Ош шаардык кеңешине шайлоодо "Биздин Кыргызстан" партиясын жетектеп барган жана шайлоодо эң көп добуш алганы менен БШК добуш сатып алууга айыптап, жыйынтыгын жокко чыгарган.

Айбек Осмоновдун аты "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү катары аталган. Кийинчерек бул партияны Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырышкан.

Айбек Осмонов аны "келечекти ойлогон жарандар колдоду" деп билдирди.

"Бул округда жети талапкер болду. Бизде президентибиз чыгарган жарлык боюнча эч кандай добуш сатып алуу болгон жок. Айлыктарды карта менен гана берип жаттык. Мен өзүм 50дөн ашык үгүт иш-чарасын, жолугушуу өткөрдүм. Ар бир үйгө барып өткөрдүм. Элибиздин көпчүлүк пайызы мурдагы шайлоого караганда келечек тууралуу ойлонуп калыптыр. Ошолордун баары бизге добуш беришти. Менин атаандашым Бекболот Арзибаев боюнча УКМК анын штабынан акча таратылып жатканы тууралуу видео чыгарган. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок".


№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин соңку эки чакырылышынын депутаты Нурбек Алимбеков 40.96% добуш алды. Бул округдан дагы бир депутат Шайлообек Атазов катышкан жана аны 36.81% шайлоочу колдогон. Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына сотко кайрыларын, добуштарды кайра саналышын талап кыларын жазды.

"Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио, фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм!" - деп айтылат билдирүүдө.

№9 Кара-Суу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты, коррупция иштеринде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов 62.38% добуш алды. Бул округда башка талапкерлердин көбүнүн добушу беш пайызга жеткен эмес. Баарына каршылар 10,5% түзгөн.

№10 Куршаб шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов (24,55%) алдыга чыкты. Ал парламенттин 6-чакырылышында "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келген. Ага чейин негизинен миграция жаатындагы мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Аталган округдан талапкер Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, бул шайлоодо капчыктуулар утту.

"Дүйнө тааныбаган маскарапоз шайлоо болду, ар бир добуш үчүн соодалашуу, аукцион болду. Бүт мурдагы олигархтар, кылмыш иши козголгондор, уюшма кылмыш топторунун мүчөлөрү катышты. Добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жатты, бийлик аны көзөмөлдөгөн жок. Эл акчага муктаж экен, жумушу жок экен, сатылып кетишти. Биз болсо теледебаттарга чыгып, программаларыбызды сунуштаганыбыз менен айрымдары добуш сатып алууну токтотпой коюшту. Кээ бир талапкерлер, өтпөй калгандары деле 40-50 миллион сомдон чачып жиберишти. Бийлик айрым адамдарды колдогону билинди. Алардын жарнактары "Ата-Жур - Кыргызстан" менен чогуу илинди, штабдары бир болду, жең ичинен мамлекеттик кызматкерлер аларга жардам беришти. Миңдеген үгүтчүлөрдү иштетишти".

Кыргыз бийликтери буга чейин мурда болуп көрбөгөндөй ачык-айкын шайлоо өткөрүү тууралуу убада берип келген.

№11 Алай шайлоо округу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов (50.60%) добуш топтоду. Ал парламенттин азыркы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон.

№13 Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (31.54%) салыштырмалуу көп добуш топтоду. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен келген. Саясатка жаңы аттанганда уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган, мындан улам Стамкулов деген фамилиясын Икрамов деп алмаштырган деген маалыматтар чыккан. Икрамов бул сөздөр негизсиз экенин билдирген.

№15 Базар - Коргон шайлоо округу Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Айбек Алтынбеков эң көп (61.49%) добуш алды. Ал былтыркы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын тизмесинде болгон.

№18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Азизбек Турсунбаев 37.54% добуш топтоду.

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековду 39.43% шайлоочу колдоду. Анын атаандашы, "Бакайыр-Кен" ишканасынын директору Мирлан Назарбеков дээрлик тең чыгып (39.24%), ортодогу айырма болгону 60тай гана добуш болду.

Бишкектеги №28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдун жеңгени айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ал 48.39% добуш топтоду. Бул округдагы талапкерлердин бири мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев 18.79% добуш алды.

Дастан Бекешев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, шайлоодо жеңип чыгарын билгенин айткан. Ал ийгилигин үгүт өнөктүгүн жигердүү жүргүзгөнү менен байланыштырган.

"Утам деп ойлогом. Бирок ушунчалык айырма менен менен утам деп ойлогон эмесмин. Бирок мындан башкача дагы болбойт эле. Себеби, бул жерде жакшы команда иштеген. Шайлоо фондубуз өтө аз болчу. Ошол эле үгүтчүлөр өтө аз айлык алышты. Бирок алар берилип иштеп беришти. Биз ар бир үйгө кирдик. Ар бир шайлоочу менен сүйлөштүк, айрымдары каршы дагы болушту. Садыр Жапаровго ыракмат, административдик ресурс токтоду. Эми мага УКМК асылды, бирок биз мына бүгүн Жогорку сотто уттук. Ошондуктан мен бул жерде админресурс болгон эмес деп ойлойм. Экинчиден, бул жерде акча, добуш сатып алуу уткан жок. Биз шайлоочуларга бир дагы тыйын берген жокпуз".

Деген менен талдоочу Орозбек Молдалиев бир мандаттуу округдарда жалаң эркек талапкерлер жеңгенин, баарына каршы добуш бергендер көп болгонун белгиледи.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Шайлоо ирээттүү өткөн жок. Бир топ аткаминерлерди "ушулар административдик ресурс колдонуп жатат" деп кызматынан алышты. Алар эми ошол бойдон кетеби, же жокпу башка маселе. Анткен менен байкоочулар админресурс колдонду деп айтып жатышат. Добуш сатмайлар кадимкидей болуп, болгондо дагы анын көлөмү чоңойду деп айтып жатышат. Бир мандаттуу округдардан бир дагы аял талапкер көп добуш ала алабай калды. Жөнөкөй эле адамдар келип калган жок. Дээрлик баары акчалуулар экенин эске алганда, добуш сатып алуу тууралуу сөздөргө негиз бардай. Шайлоочулар деле активдүү болгон жок. Кээ бир райондордо баарына каршы добуш бергендер, каршы маанайдагылар көп болду".

Коррупция боюнча айып коюлгандар, соттолгондор

Бир мандаттуу шайлоо округандарынан буга чейин саясий чөйрөгө аралашпаган адамдар дагы алдыга чыкты. Ошондой эле коррупцияга айыпталган мурдагы мамлекеттик кызматкерлер дагы бар. Маселен, №1 Лейлек шайлоо округунда Бишкек горнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген Чынгыз Ажибаев (32,91%) көп добуш алды.

№2 Баткен шайлоо округунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев (18,49%) көп добуш алды. Бул округда УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиев менен дээрлик ит жыгылыш болуп, ортодо 200дөй добуш айырма болуп калды.

Ражабалиевди быйыл жыл башында Бишкектин Биринчи май райондук соту “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган. Милиция анын соттуулугу март айында жоюлганын билдирген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш ишин тергөөдө 2015-2017-жылдар аралыгында бажы тармагында коррупциялык схема түзүп, ага ошол кездеги бажычылар Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаев да аралашканын аныктаган. Бул жылдар аралыгында “Эркечтам” өткөрмө пункту аркылуу транзит режиминде жүк ташып өткөн 16 761 машиненин ар биринен алар 860 доллардан алып турганы такталган.

Жыйынтыгында Матраимов бюджетке келтирген зыяндын ордун толтуруш үчүн мамлекетке 2 миллиард сом, Нурлан Ражабалиев 12 миллион сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 миллион сом төгүп берген. Алар Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып тергөө менен да кызматташууга барган.

№3 Кадамжай шайлоо округунан эң көп талапкер катышкан, анда соңку президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болгон Ырысбек Атажанов (16.33%) жеңди. Ал 2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевден "Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" сыйлык алган. Анын алдында Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү жер тилкесин Бишкек шаарына өткөрүп берген. Мунун негизинде аталган көчөнү Алкылов көчөсүнө чейин узартууга мүмкүнчүлүк ачылган деп айтылган.

№5 Ноокат шайлоо округу. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу (43.11%) менен Ноокат районунун мурдагы акими Бактыбек Марипов (42.95%) дээрлик теңтайлашып калды. Анда 50дөй гана добуш менен Коргонбай уулу алдыга чыкты. Ал 2018-жылы башка өлкөнүн жараны экени такталды деген негизде мандатынан ажыраган.

№6 Араван шайлоо округу. Алля Анар айыл өкмөтүнүн башчысы Жолидин Нурбаев 44.94% добуш алып, озуп чыкты. Бул округдан шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Ильхом Маннанов катышып, аны 19.42% шайлоочу колдогон.

№12 Өзгөн шайлоо округунда мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев 72.71% добуш топтоду. Бул округда шайлоо атаандашсыз өтүп, Сатыбалдиев жалгыз талапкер болду. Ал 2010-жылы апрель окуяларында тынч жыйынга чыккандарга ок атуу фактысына байланыштуу айыпталып, соттолгон мамлекеттик кызматкерлердин бири.

№14 Жалал Абад шайлоо округунан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Жалал-Абад мунайды кайра иштетүү заводунун директору Шаирбек Ташиев 62.08% добуш менен жеңди. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.

№16 Ноокен шайлоо округунан "Манас" аэропортунун мурдагы президенти, мурдагы депутат Бактыбек Сыдыков 55.10% добуш алды.

№17 Аксы шайлоо округунда New TV каналынын директору Нурлан Шакиевди шайлоочулардын 38.04% колдоду.

№19 Токтогул шайлоо округунан "КУБ" ишканасынын директору Кундузбек Сулайманов 21.77% добуш алып алдыга чыкты.

№21 Талас шайлоо округунда убактылуу иштебеген Бактыбек Чойбеков алдыга чыкты 34.64%, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов 12.47% добуш топтоду.


№22 Жайыл шайлоо округуан "Анилия" компаниясынын директору Нурланбек Азыгалиевге 28.18% добуш берилди. Бул округдан дагы бир талапкер Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловду болсо 15.67% шайлоочу колдоду.

№23 Москва шайлоо округу жеке ишкер Ханджеза Карим 19.80% добуш менен алдыда келди.

№24 Сокулук шайлоо округунда Сокулук районунун мурдагы акими Аманкан Кенжебаев 19.28% добуш алды. Бирок бул аймакта баарына каршы добуш бергендер көп болуп, 18.35% түздү.

№25 Аламүдүн шайлоо округунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев ( 26.03%) алдыга чыкты. Бул округда дагы баарына каршылар арбын болуп, 17.47% га жетти.

№30 Ысык-Ата шайлоо округунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акбөкөн Таштанбеков 16.00% добуш алды.

№31 Чүй-Кемин шайлоо округунда "Шумкар" кайгуул-детективдик агенттигинин жетекчиси Медербек Саккараевди 24.77% колдоду. Буга чейин Саккараевдин жарандуулугуна байланыштуу маселе көтөрүлгөн.


Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров көп добуш алып, аны 30.37% колдоду. Баарына каршылар 28.17% жетти.

№27 Биринчи май шайлоо округунда баарына каршылар алдыга чыгып, шайлоочулардын 32.92% түздү. Бишкектин мурдагы вице-мэри Русланбек Акылбеков 15.56%. добуш алды. Бул округдан талапкер юрист Нурбек Токтакунов болсо 11.31% добуш топтогон.

№29 Свердлов шайлоо округунда дагы баарына каршылар басымдуулук кылып, 37.48% жетти. Округда "Аламүдүн базары" ишканасынын директору Ырысбек Мааткабылов 27,70% добуш топтоду.

БШК бул эки округда кайра шайлоо өтөрүн маалымдады.

№32 Кочкор шайлоо округу журналист Мирлан Самыйкожо 22.54%, алды. Эгер ага мандат тие турган болсо Нарын облусунун Ак-Талаа районунан соңку 20 жылдан берки биринчи депутаты болуп калмакчы.


№33 Нарын шайлоо округунда жеке ишкер Улан Бакасов 53.48% добуш менен алдыга чыкты. Ал былтыркы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын тизмесинде болгон жана добуш сатып алууга байланыштуу дооматтарда аты аталган.

№34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арсланбек Малиев 18.45% менен алдыда келатат. Бул аймакта шайлоого Жогорку Кеңештин эки депутаты Акыл Кемелов менен Саматбек Ибаев катышкан. Экөө тең 8%дай добуш алган. БШКнын төрагасынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматова 8.32% топтогон.

№35 Ак-Суу шайлоо округунда убактылуу иштебеген Акылбек Түмөнбаев 44.66% добуш топтогон. Айрым бир маалымат каражаттары ал Садыр Жапаровдун кудасы болорун жазышкан.


№36 Ысык-Көл шайлоо округунан Ысык-Көл районунун акиминин мурдагы орун басары Максатбек Сарбагышев 20.35%. менен алдыда келатат.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттин VII чакырылышында 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG