Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" клубу Казакстандын кубогун алды


Гүлжигит Алыкулов
Гүлжигит Алыкулов

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" футболдук клубу Казакстандын кубогун алганын Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады.

28-ноябрда Нур-Султан шаарында Казакстандын Кубогунун финалында Алматынын "Кайрат" клубу менен Караганданын "Шахтер" клубу беттешти. Оюндун негизги убакытында командалар 2:2 эсебинде тең чыгып, кошумча берилген убакытта да бирден гол эсептерине жазышып жеңүүчү аныкталган жок (3:3). Жыйынтыгында пенальти тебүүдө "Кайрат" алдыга чыгып, өлкө кубогуна 10-жолу ээ болду.

Кыргыз футбол бирикмеси бул таймашта Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөткөнүн белгиледи.

Гүлжигит Алыкулов 21 жашта. "Кайрат" клубунун курамында 2020-жылдан бери ойноп келет. Бул клубдун курамында ал былтыр Казакстандын чемпионатын уткан. Ал ага чейин Кыргызстандын "Дордой", "Алга", "Кара-Балта" клубдарында, Түркиянын "Антальяспор", Беларустун "Неман" клубунда ойноп келген. Ага күйөрмандар «Кыргыздын Мессиси» деп каймана ат койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG