Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Максат Кунакунов шайлоо боюнча УКМКда сурак берип чыкты


Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан парламенттик шайлоого талапкер болгон Максат Кунакунов 30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирип, тергөөчүнүн шайлоого байланыштуу суроолоруна жооп бергенин айтты.

"Жөн эле маектешүү болуп, "шайлоодо эмне жаккан жок?" деген суроолорду берди. Мен болгонун-болгондой айтып бердим. Шайлоодогу финансылык маселелерди, каяктан каражат алганымды, кандай коротконумду сурашты. "БШКнын алдына эмне маселе менен чыктыңыз?" деген да суроо болду. Мен өз укугумду коргоп чыкканымды айттым".

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган сервери иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыяны тийбегенин билдирген.

29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлооонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү жана бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан айрым талапкерлер акцияга чыккан.

Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG