Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 03:05

"Ооганстанга согуштун айынан кетпей калгам"


Аманзай Мухаммад Омар.

Чейрек кылымга жакын мезгилден бери согуш отун өчүрө албай келаткан Ооганстандын миллиондогон атуулдары дүйнөнүн Иран, Пакистан, Индия ж.б. өлкөлөрүнө аргасыз чачылып, тарыхый мекенинде тынчтыктын орношун чыдамсыздык менен күтүп келишүүдө.

Ошондой инсандардын 1500дөн ашууну азыр биздин Кыргызстанда да жашап жүрөт. Алардын бири - "Ооган диаспорасы" уюмунун төрагасынын орун басары Аманзай Мухаммад Омар менен баарлаштык.

- Мухаммад Аманзай мырза, Кыргызстанга тагдырдын кандай буйругу менен келип жашап калдыңыз эле?

- 1967-жылы Ооганстандын борбор калаасы Кабулда туулгам. Он эки жылдык орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1974-жылы университеттин Советтер Союзунун жогорку окуу жайларына жөнөтүлө турган студенттерди даярдоочу факультетине кабыл алындым. Андан кийин Фрунзедеги политехникалык институтунун электр станциялары факультетине өтүп, 1991-жылы ийгиликтүү аяктадым.

Тилекке каршы, дал ошол жылы Ооганстанда демократиялык партиянын бийлиги кулады. Өлкөдө согуш оту тутанып кетти. Бийлик можахеддердин колуна түштү. Мунун аягы эмне менен бүтөт болду экен деген ойдо Ооганстанга кете албай Кыргызстанда жүрүп калдым. Окуяларга байкоо жүргүзүп көрсөм, согуш оту күндөн-күнгө алоолонуп, өлкөдөгү абал оорлоп баратыптыр. Ары ойлоп, бери ойлоп, Кыргызстанда эле жашап калууну чечтим.

Ошол маалда аялым Кабулда болчу. Чакырсам, келди Кыргызстанга. 2000-жылы экөөбүз теӊ Кыргыз Республикасынын атуулдугун алдык. Институтту бүткөндөн кийин ар кайсы тармактарда иштеп, коммерциялык байланыштарым арбып калган эле.

2005-жылы Ооганстанга кеттим иштегени. Ал жерге өлкөнү өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программанын негизинде адис кадр катары жөнөтүлгөм. Ошентип, Энергетика министрлиги менен суу чарба тармагында эки жыл иштедим.

Андан кийин Мазари Шариф калаасына келген германиялык адистердин катарына кошулдум. Алар эки электр подстанциясын курушу керек болчу. Бул жерде дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн адистер да бар эле. Мени Мазари Шарифтеги подстанциянын курулушуна менеджерликке дайындашты. Бул иш аяктагандан кийин 2008-жылы Кыргызстанга биротоло кайтып келгем.

- Кыргызстан экинчи мекениӊиз болуп калыптыр. Жашооӊуз кандай өтүп жатат? Сизге жагабы?

- Жагат. 1995-жылдан бери жашаган адамга кантип жакпасын? Бул жерде азыр менин көптөгөн досторум, кесиптештерим бар. Кыргызстан менин сүйүктүү мекеним болуп калды. Мусулмандар жашаган тынч өлкө. Ооганстанга жакын жерде. Эли, климаты, жаратылышы керемет.

Ырас, бул жерге келип жашап жүргөн оогандардын бир тобу убагында Ооганстанга кайтып кетишкен. Бирок мен кетпедим. Анткени бул жерде өзүмдү өз үйүмдө жүргөндөй эле сезем. Кыргыз элине өмүр бою ыраазы болуп жүрүшүм керек бул үчүн. Оогандыктарга жылуу мамиле кылышат. Досторубуз кызматташып да, жардамдашып да турушат биздин диаспорага. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ж.б. органдар тагдырыбыздын татаалдыгын сезишкени үчүн азар беришпейт. Аяп турушат.

Аманзай Мухаммад Омардын Кабулда түшкөн сүрөтү. 2005-жыл.
Аманзай Мухаммад Омардын Кабулда түшкөн сүрөтү. 2005-жыл.

- Перзенттериңиз, аялыңыз эмне менен алектенишет?

- Аялым 1995-жылы Кабулдан келгенден кийин кызым төрөлдү. Бишкекте чоӊоюп, турмушка чыккан. Азыр жолдошу менен Европада жашап жатат. 2002-жылы уулдуу да болгонбуз. Ал жогорку окуу жайында окуйт. Аялым ооган кызы. Үйдө кожейке. Анын да көптөгөн курбулары бар. Карым-катыштары абдан жакшы.

- Кыргыз тилин үйрөнө алдыңызбы?

-Перзенттеримдин экөө теӊ кыргызча билет. Анткени аларды мектепте окутуп үйрөтүшкөн. Мен болсо Союз доорунда орус тилинде окугам. Тил үйрөнүүгө ал кезде убакыт да, шарт да анчейин болгон эмес. Туура, кыргыз тилин ар бир атуул билишибиз керек.

Азыр бош убакыт пайда болду менде. Эми кыргыз тилин үйрөтө турган курстарга барайын деп турам. Бул менин учурдагы аткара турган планым. Мамлекеттик тилди билүүбүз, ошол тилде сүйлөй алуубуз кыргыз мамлекетин, кыргыз элин сыйлоо болуп саналарын жакшы түшүнөбүз.

- Тарыхый мекениңизде болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылбай коё албайбыз. Кырк жылдан бери тынчый албай келаткан мекениңиздин келечегине абдан кабатырланып жүрсөңүз керек?

- Албетте, ал жерде туугандарым, жоро-жолдошторум турса, кантип кам жебей жүрө алам? Ооганстандагы окуяларга бүткүл дүйнө кабатыр болуп турган кез. Адам үмүт менен жашайт экен. Качандыр бир ооган жеринде Кудайдын, акыйкаттын амири менен тынчтык орношуна ишеничим бар.

Жарым кылымга созулган согуш аз убакыт эмес. Качан карасаң согуш, согуш жана согуш. Андан башка кубанарлык кабар угулбайт. Карапайым, бейкүнөө адамдардын ажал таап жатканы кайгыга батырат. Кыргызстандагы бардык оогандар ушундай кабатырлык менен жашап келатабыз.

- Жакын туугандарыңыз менен байланыш барбы? Эмне дешти алар?

- Мүмкүнчүлүккө жараша интернет булактары аркылуу байланышабыз. Окуялардын аныгын ошолордон угам. Бардыгынын тилегени - тынчтык жана туруктуулук. Кошуна өлкөлөрдүн да тилеги ушул. Анткени “кошунаң тынч болсо, өзүӊ да тынч жашайсың» деген макал бар эмеспи.

Мухаммад Аманзай Кыргызстан элинин Ассамблеясындагы "Ооган диаспорасы" уюмунун кеӊсесинде. 2021-жыл.
Мухаммад Аманзай Кыргызстан элинин Ассамблеясындагы "Ооган диаспорасы" уюмунун кеӊсесинде. 2021-жыл.

Бир тууган агам бар ал жерде. "Азыр бир аз тынчып калдык, бирок экономикалык жактан өтө кыйналып жатабыз", - деди. Маяна төлөө деген биротоло токтогон. Банктар иштебейт. Эл аманат акчаларын ала албай жатышыптыр. Айтор, абал өтө эле оор. Азыркыга чейин эч бир өлкө Ооганстандын жаңы бийлигин тааный элек. Жаңы бийлик Ооганстанды кандай жолго баштарын дүйнөлүк коомчулук карап турат азыр.

- Балдарыңыздарды эне тилинде окутуу жагы кандай?

- Балдарыбыздын эне тилин, маданиятын, каада-салтын унутпашы үчүн колдон келишинче кам көрүп келебиз. Үйдө дари же пушту тилинде сүйлөшөбүз. Уул-кыздарыбыздын бир тобу Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу орто мектепте фарсы тилинде окушат. Бул жагынан кам көрүү оогандык ар бир ата-эненин ыйык парзы деп айтаар элем. Мисалы, менин Прага шаарында окуп жаткан кызым өзүнүн эне тилин да, кыргыз тилин да кошуп, жети тилде сүйлөйт.

- Кыргызстанда белгилене турган бардык эле майрамдарга катышасыздарбы?

- Курман айт, Орозо айтта чогулуп, бир мечитте намаз окуйбуз. Ноорузда, Жаӊы жылда, 8-мартта да жыйылып майрамдайбыз. Бири-бирибизге белек тартуулайбыз.

Маектешкен Мирзохалим Каримов

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG