Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Кыргыз жеринен бакыт тапкан тажик кызы


Иллюстрациялык сүрөт. Сары-Челек көлү, Кыргызстан. 2019-жыл, 29-июль

Тажикстанда тутанган саясий согуш оту көптөгөн чыгармачыл инсандардын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн булуң-бурчуна чачылып кетүүсүнө себеп болгон. Ошондой тагдырга туш келгендердин бири – адегенде алыскы Австрияда жашап жүрүп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен таанышкан соң, залкар калемгердин кеңеши менен Кыргызстанга келип, жыйырма жылга жакын мезгилден бери өмүр сүрүп жаткан Шаиста Равшанова.

Ал КРдин Улуттук жазуучулар кошуунунун мүчөсү, Маданияттын отличниги, чыгармачыл инсандардын эл аралык "Аржанг" уюмунун жетекчиси, котормочу жана илимпоз. Ала-Тоону жан дилинен сүйүп калгандыктан, Австриядагы бардык шарты бар үй-жайын калтырып Кыргызстанды мекендеген чыгармачыл тажик кызын кепке тартып баарлаштык.

- Шаиста айым, адегенде өзүңүздү тааныштырсаңыз?

- Мен Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы Китаб калаасында төрөлгөн тажик кызымын. Тажик мамлекеттик университетинин тарых жана педагогика факультетин бүтүргөндөн кийин адегенде ошол окуу жайда, кийинчерээк тажик телекөрсөтүүсүндө алып баруучу болуп бир нече жыл иштедим. Өлкөбүздө саясий коогалаң чыкканда үй-бүлөм менен Австрияга көчүп кетүүгө аргасыз болдук. Бир нече жыл Индияда жана Казакстанда баш калкалоого да туура келген. Аягында ушул гүлзар калаа Бишкекке келип, биротоло отурукташып калдык. Мунун өзгөчө себептери бар.

Шаиста Равшанова Алыкул Осмоновдун ырларын орус тилине которгон таанымал акын Михаил Синельников менен.
Шаиста Равшанова Алыкул Осмоновдун ырларын орус тилине которгон таанымал акын Михаил Синельников менен.

- Кандай себептер?

- Австрияда жашап жүргөндө жолдошум Чыңгыз Айтматов менен таанышып, жакын болуп калышкан эле. Экөө анда-санда баарлашып жүрүшчү. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович бизди Ысык-Көлгө барып эс алуубузду сунуш кылды. Биз анын сунушун жан дилибизден кабыл алдык. Кыргызстанга кыска мөөнөткө келдик да, ошол бойдон жипсиз байланып калдык. Буга деле улуу жазуучунун алысты көрсөткөн кеңеши себепкер болду.

Кыргызстанга келгенден кийин Айтматов менен мурдагыдан да жакшы тааныштык. Ал менин китептеримди окуп көргөн соң, Кыргызстанда бир нече жыл калып, чыгармачыл ишмердигимди ушул жерде улантуумду сунуш кылды. Мен анын бул сунушун жерде калтырбадым. Кыска мөөнөткө келип, Бишкекте он тогуз жылдан бери жашап жаткан чагым азыр.

- Ага чейин Кыргызстанда болдуңуз беле?

- Болгон эмесмин. Ошондой болсо да керемет өлкөдөгү чыгармачылык чөйрөгө бат эле аралашып кеттим. Эки тилде бирдей жазган калемгер Мар Байжиев менен таанышуум ошондо мага абдан чоң күч-кубат болгон. Ал мага "Манас" эпосун ж.б. тарыхый китептерди белек кылды. "Мына ушуларды астейдил окуп чыксаң, кыргыздын кандай эл экенин билесиң", - деди.

"Манасты" канааттануу менен абдан кызыгып окудум. Абдан таасирлендим. Өтө берилип калгандыктан "Манас" эпосу тууралуу илимийби, адабийби, иши кылып бир чоң эмгек жаратууну жүрөгүмө түйүп алдым. Бул боюнча материалдарды азырга дейре топтоп келатам. Буюрса, эртеби-кечпи бул максат ишке ашат деген ишеничтемин. Мени дагы бир максат ноктолоп жүрөт. Курманжан датканын тарыхый татаал тагдыры көөдөнүмө тынчтык бербей келет. Кыргыз аялынын кажыбас кайратын, эр жүрөктүгүн, чечкиндүүлүгүн башка элдер да билиши керек! Бул тууралуу жазайын деген ой жүрөгүмдүн толтосунда коргошундай уюган.

- Азыр эмне менен алектенип жүрөсүз?

- Бир нече жыл илгери чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүргөн чыгармачыл инсандарыбыздын башын кошкон "Аржанг" аттуу эл аралык уюмду уюштурганбыз. Алардын повесттерин, аңгемелерин, ырларын, публицистикаларын "Мозаика" деп аталган альманахыбызга кыргыз, орус, англис, кытай, тажик, өзбек, фарсы ж.б. тилдерде жарыялап жатабыз. Чыгармачыл демилгелүү топ абдан жакшы колдоо көрсөтүүдө.

Альманахтын төртүнчү санын 87 басма табак көлөмүндө 1000 нуска менен жакында эле жарыкка чыгардык. Окурмандар андан Кыргызстандагы, Орусиядагы, Тажикстандагы, Өзбекстандагы, АКШдагы, Түштүк Африкадагы, Израилдеги, Ирандагы ж.б. өлкөлөрдөгү жүздөн ашуун калемгерлердин ар кайсы жанрдагы чыгармалары менен тааныша алышат.

Жакында жетимиш автордун чыгармаларын камтыган дагы бир жыйнак чыгарабыз, буюрса. Уюмубуздун негизги максаты – маданият аркылуу Чыгыш менен Батышты жакындаштыруу, дүйнөдөгү калемгерлерди бириктирүү, адабияттын ыйык кудурети менен тынчтыкты сактоо болуп саналат.

Шаиста Равшанова Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда Мар Байжиевдин "Манас дастаны" боюнча коюлган спектаклде ойногон артисттер жана башка чыгармачыл инсандар менен. Архив сүрөт
Шаиста Равшанова Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда Мар Байжиевдин "Манас дастаны" боюнча коюлган спектаклде ойногон артисттер жана башка чыгармачыл инсандар менен. Архив сүрөт

- Пикир келишпөөчүлүктүн айынан эки элдин ортосунда кооптуу абал түзүлүп калса, эки тараптын тең калемгерлери кандай позицияны тутунушу керек?

- Мындай учурда чыгармачыл адам таасирдүү чыгармалары аркылуу кара кылды как жарган позицияны тутунуп, эки элди тең достук-ынтымакка чакыруусу парз. Адабият мыйзамы ар бир калемгерден ушуну күтөт. Анткени ал элдик адам. Эл уга турган өзгөчө насили бар инсан ал.

- Унчукпай олтурбашы керек. Туурабы?

- Туура. Баткенде коогалаң болгондо, жаным жай албай абдан тынчсыздандым. Баткенге, Исфанага барып келдим. Ошондо бул жердеги элдин кимиси тажик, кимиси кыргыз экенин айырмалай алган эмесмин. Байкап көрсөм кыргызы тажикче, тажиги кыргызча сүйлөй алышат экен. Алар мага бир үй-бүлөнүн, бир улуттун өкүлдөрүндөй таасир калтырган.

Кыргыз-тажик элдеринде мындай пикир келишпестиктер болбошу керек эле. Буга жол берген бир нече себептер бар, албетте. Элдерди жакындаштырган иш-чаралардын мурдагыдай жүргүзүлбөй калганы, өткөрүлсө да "өрт чыкканда" гана жүргүзүлүп келгени ушул абалга алып келип такаганын баамдадым. Муну эки тараптын тең бийликтери астейдил эске алуусу зарыл. Эгер шарт түзүп беришсе кыргыз, өзбек, тажик, орус тилдеринде эркин сүйлөй алган калемгер катары эки элге тең жолугуп, кайрылуу жасоону каалайт элем.

- Тажикстанда болуп өткөн атуулдук согушта таланттуу акын Бозор Собир сыяктуу бир топ акын-жазуучулар калыстыктан тайып, ислам мамлекетин түзүүнү самаган оппозиция тобунун тарабына өтүп кетишкенин укканмын. Бозор Собирдин кийинки тагдыры тууралуу айтып бере аласызбы?

- Менин түшүнүгүмдө ушундай кырдаал түзүлгөн учурда акын-жазуучулар, чыгармачыл адамдар тигил же бул тарапта эмес, азапка кабылган элдин тарабында болушу керек. Бузуку калемгердин коомго кандай зыян алып келерин биз ошол согушта көрдүк. Азабын тарттык. Бозор Собир калемин калыстыктан буруп, кандай адилетсиз ыр саптарын жарыялаганын тажик коомчулугу унута элек. Ошону үчүн өлкөдөн куулду ал. Каталык кетиргенин билгенден кийин элге тизелеп келди.

Абу Али Ибн Сина, Омор Хаям сыяктуу улуу классиктерибиз саясат менен алектенбегенин тарыхтан билебиз. Чыгармаларын эл үчүн жазып, элдин жүрөгүн түбөлүк багындырган. Элдерди достук-ынтымакка, бир тууган болууга, тынчтыкта жашоого үндөгөн алар.

- Эгер сизден чет өлкөлүк башка бир замандаш Кыргызстан, кыргыз эли, жери тууралуу сурап калса, эмне деп айтар элеңиз?

- Ырасын айтам, бул жерде жашап калганыма өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Себеби Кыргызстанды чын жүрөгүмдөн сүйүп калганмын. Кыргыз элинин меймандостугу, толеранттуулуктун нукура үлгүсү жан дүйнөмдү биротоло багындырып алган.

Кыргыз эли жөнөкөй эл эмес, абдан таланттуу, сөзмөр, эч нерседен тайманбаган эл экен. Ал эми руханий дөөлөтү – түбү терең океан! "Манастын" миллион сабын жатка айткан Саякбай Каралаевдей "Гомер" кайсы элде бар? Жаратылышы болсо дүйнө элдеринин сугун арттырган өзүнчө бир керемет. Мындай ажайып өлкөдө жашап өмүр сүрүү бактысы ар кимге эле буюрбаса керек деп ойлоп калам кээде.

Чет өлкөлүк замандаштар сурап калышса, мына ушулар тууралуу айтып берер элем.

Аңгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG