Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Кант диабети менен ооруган 45 миңдей бейтапка жардам берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Швейцария долбоору кант диабети менен ооруган жана кан басымы жогору 45 миңдей бейтапка жардам берет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады. Маалыматка караганда, жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу боюнча швейцариялык долбоор Кыргызстандын түндүк аймактарында 2-типтеги кант диабети жана кан басымы жогору жарандар үчүн Бейтаптар мектебин ишке киргизди.

Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 700дөй медайым каттоодо турган бейтаптар менен иштөө үчүн атайын даярдыктан өттү. Учурда бул ооруга чалдыккандардын 40% Бейтаптар мектебинде жашоо образын жакшыртуу үчүн окуп жатышат. Алар өз оорулары тууралуу көбүрөөк маалымат алып, көзөмөлдөөнү, оорунун өтүшүп кетпеши үчүн көрүлчү чараларды үйрөнүшөт.

Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан 3-4 эсе көп болушу ыктымал.

2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы үчүн пенсия жана жөлөк пул алган адамдардын саны 198 миңден ашты.

Мүмкүнчүлүгү чектелген үчүн пенсия же жөлөк пул алган адамдардын 47% аялдар. Алардын саны акыркы беш жылда 11,6% өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG