Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Статистика: Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү аялдар менен эркектердин билим алуусуна байланыштуу изилдөөсүн жарыялады. Ага ылайык, аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендиги аныкталган. Бул аялдар менен эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана кесиптик топтору боюнча бөлүнүшүн изилдөөдө белгилүү болгон. 2020-жылы иштегендердин жалпы санындагы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 28% ашуун, эркектер – 19%, кесиптик орто билими барларына жараша 17% жана 8% түзгөн.

Орто же толук эмес орто билими жетиштүү болгон кесиптик жана ишмердиктин түрлөрүндө эркектер басымдуулук кылат. Башталгыч кесиптик билим алган эркектердин үлүшү 10% жакын, аялдар арасында – 5% ашыкты түзөт.

2020-2021-окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында аялдар 52%, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында 56% түздү. Ошол эле учурда билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерден билим алууда кыздар басымдуу кылат.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Кыздырдын үлүшү жогорку кесиптик билим берүүдө гуманитардык илимдер (73% ашык), тейлөө чөйрөсү (63% ашык), табигый илимдер (60% жакын) багыттары боюнча жогору. Ошол эле учурда, эркектер негизинен архитектура жана курулуш (82% жакын), айыл чарба илимдери (75% жакын), техникалык (69% ашык) жана юриспруденция (66% жакын) менен байланышкан адистиктерди тандашат.

Аспиранттардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 16% көбөйгөн жана 2020-жылы 2,5 миң адамды түзгөн. Ал эми докторанттардын саны 145 адамды түзгөн, бул 2016-жылдын деңгээлинен 3% жогору. Аспирантурада окуган аялдардын үлүшү - 60%, докторантурада - 69% түздү.

2021-жыл башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 млн. 636 миң адамдын тегерегин түзөт. Алардын 3,3 миллионго жакыны аялдар. Муну менен бирге, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу (50,4%) көбүрөөк болуп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG