Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

ДССУ: "Омикрондун" кесепети олуттуу болушу мүмкүн


Сидней аэропортуна келген жүргүнчүлөр. Австралия, 29-ноябрь, 2021-жыл
Сидней аэропортуна келген жүргүнчүлөр. Австралия, 29-ноябрь, 2021-жыл

29-ноябрда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму баштапкы маалыматтарга таянып, коронавирустун "Омикрон" деген жаңы варианты инфекциянын тез тарашына алып келип, “кесепеттери олуттуу” болушу мүмкүн деп эскертти.

Божомолдорго ылайык, жаңы штамм алгач аныкталган Түштүк Африкада ушул жумада вирусту жуктуруп алгандар бир күндө 10 миң кишиге жетиши ыктымал. Эки жума мурун күнүнө 300 учур катталып жатты. Дарыгерлер бейтаптардын басымдуусу жаштар экенин, симптомдору жеңил болгонун белгилешет.

Коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандар катталбаганы менен, ал өтө ылдам жайылууда. Бир катар өлкөлөр чек араларын жапты. Адистер муну менен убакыт утса болорун, илимпоздорго бул арада жаңы штаммды анализдеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG