Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

НАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулайт


НАТОнун тышкы иштер министрлери Ригадагы жыйында орус-украин чек арасындагы кырдаалды жана мигранттар кризисин талкуулаганы жатышат. Блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг орус аскерлеринин коңшу өлкө менен чек арага тартылышына буга чейин бир нече жолу камтамасын билдирген. Москва Украинага каршы күч колдонууну чечсе, “кесепети” оор болоорун эскерткен. Столтенберг Орусиянын көздөгөнү азырынча белгисиз деп АФП агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Латвиянын башкалаасында Киевге кошумча аскердик жардам берүү, альянстын чыгыш чек арасын бекемдөө мүмкүнчүлүгү каралмакчы.

НАТОго кошулууга умтулган Украинанын атынан жыйынга тышкы иштер министри Дмитро Кулеба катышууда. 29-ноябрда министр кырдаалды олуттуу деп сыпаттап, “Орусияны ооздуктоо” үчүн эртерээк чара көрүү керектигин билдирди.

Кремль өз аймагында аскерлерин каалагандай жайгаштырууга укуктуу экенин айтып, коңшу мамлекетке кол салууга даярданууда деген маалыматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG