Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 22:52

Шайлоого нааразы болгон Анвар Сартаев ачкачылык жарыялады


Добуштарды саноо учуру. 28-ноябрь. 2021

№16 Ноокен округунан депутаттыкка талапкер Акылбек Арстанбековдун Боршайкомдогу өкүлү, укук коргоочу Анвар Сартаев шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялады.

Ал арызында ушул эле округдан талапкерлигин койгон «Бактыбек Сыдыков добуш сатып алып жатат» деп жазган. БШКга 23-ноябрда арыз бергенин, бирок чара көрүлбөгөнүн белгилеген. Сартаев 30-ноябрда Акыйткатчы институтуна барып ачкачылык жарыялаган.

«Көп киши мага чалып «жашың өтүп калды, ачкачылыкты токтот» деп атат. Мен азырынча ачкачылыкты кармап атам. Эгерде Акыйткатчы институтунун аппараты суранса, көрөм. Анткени азыр жарык болгондуктан, мен институттун имаратына кире алам. Бул жак кечинде жабылат да».

№16 Ноокен округунан шайлоого төрт талапкер ат салышкан. Бул аймакта 30-ноябрь саат 15:00гө карата добуштардын 81% эсептелип бүттү. Ага ылайык, Бактыбек Сыдыков 51,89% менен алдыда келатат. Экинчиде Акылбек Арстанбеков - 30,25%. Сыдыков окуя боюнча комментарий бере элек.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Ушул күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап жатат. Боршайком бул үчүн эки-үч күн кетерин билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG