Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Мирбек Мияров байланышка чыкканы кабарланды


Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.
Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.

"Ордо" партиясынын лидери, 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылган Мирбек Мияров 29-ноябрда байланышка чыкканы кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакын тууганы Мирлан Мамытов билдирди.

"Ал тоого барыптыр. "Машинем бузулуп, телефонум да өчүп калды. Силер эмне ызы-чуу салып жибердиңер?" деп айтты. Тоодо малы бар. Бир ай бою бул жакта жүрүп бара албай калган".

Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын туугандары кабарлашкан. Ал жекшемби күнү Бишкектеги №44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон кайткан эмес. Жакындары саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Бирок милицияга арыз жазышкан эмес. Жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирген.

УКМК да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да Мирбек Мияров суракка чакырылбаганын маалымдаган.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан "Ордо" партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG