Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Таласта шайлоонун жыйынтыгына нааразылар кайрадан митингге чыгышты


Таластагы митинг. 30-ноябрь, 2021
Таластагы митинг. 30-ноябрь, 2021

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында бир мандаттуу №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыгышты. Алар шайлоодо талапкер Дастан Жумабеков добуш сатып алган деп айтып, аны шайлоодон четтетүүнү талап кылууда.

Дастан Жумабеков аталган округдан талапкерлигин койгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасынан алынган алгачкы маалыматка караганда, Жумабековду шайлоого баргандардын 39.37% колдогон. Дагы бир талапкер Мирлан Нарбековго добуш бергендердин саны БШКнын сайтында 38.99% деп турат.

Дастан Жумабеков добуш сатып алуу боюнча айыптоолорду буга чейин четке кагып, элдин тандоосун сыйлоо керектигин билдирген. Азыркы акция тууралуу комментирий бере элек.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.

Бул шайлоо аралаш системада өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (MkT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG