Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Эл аралык байкоочулар акыркы отчетун эки айдын ичинде жиберет


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросунун (БДИПЧ) башчысы Маттео Мекаччи жана Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиянын өкүлдөрү Дама Одри Гловер, Питер Юэль-Йенсен (ЕККУ Парламенттик ассамблеясы), Марина Берлингьери (Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы) менен жолугушту. Казакбаев эл аралык миссиялардын байкоочуларына парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышканы, Кыргызстандагы демократиялык процесстерди илгерилетүүгө колдоо көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Казакбаев дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 700дөн ашуун эл аралык байкоочу шайлоо процессине байкоо жүргүзгөнүн белгиледи.

Эл аралык байкоочулар шайлоо атаандаштыкта, ачык жана айкын уюштурулганын маалымдашты. Миссия өлкөдөгү кардиналдуу өзгөрүүлөрдү, ошондой эле жаштар менен аялдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын белгиледи. Маттео Мекаччи шайлоонун жыйынтыгы боюнча эки айдын ичинде эл аралык миссиянын акыркы отчету жиберилерин билдирди.


28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, утканы айтылууда. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат. Анткен менен бир катар партиялар шайлоодо "көз боёмочулук" болгонун айтып, шайлоону тааныбай турганын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG