Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Месси жетинчи жолу "Алтын топ" сыйлыгын алды


"Алтын топ" сыйлыгын тапшыруу аземи. Париж. 29-ноябрь, 2021-жыл
"Алтын топ" сыйлыгын тапшыруу аземи. Париж. 29-ноябрь, 2021-жыл

Франциянын ПСЖ клубунун чабуулчусу, аргентиналык Лионел Месси France Football журналынын версиясы боюнча «2021-жылдын эң мыкты футболчусу» деп таанылды. Месси ушуну менен жетинчи жолу «Алтын топ» сыйлыгын алып рекорд койду. Беш жолу «Алтын топ» португалиялык жылдыз Криштиану Роналдого тийген, үч жолудан эң мыкты деп Мишель Платини, Марко ван Бастен жана Йохан Кройфф аталган.

Кээ бир адистер жана күйөрмандар быйыл бул абройлуу сыйлык «Бавариянын» чабуулчусу, польшалык Роберт Левандовскийге тиет деп күтүшкөн. Бирок ал футбол эксперттеринин добуш берүүсүндө 2-орунду ээледи. Левандовский эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы сыйлыкка татыды.

Мессинин "Алтын топ" боюнча негизги атаандашы Роналдо 6-орунга жайгашты.

34 жаштагы Месси быйыл испаниялык «Барселонадан» Франциянын ПСЖ клубуна өткөн.

«Алтын топ» сыйлыгы 1956-жылы негизделген. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусун 180 футбол эксперти тандашат. Былтыр пандемиядан улам тарыхта биринчи жолу сыйлык тапшырылбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG