Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 23:59

Amnesty International бакшы Александр Габышевдин ишине көңүл бурууну өтүндү


Александр Габышев

Amnesty International эл аралык уюму БУУнун түпкүлүктүү элдердин укуктары боюнча атайын баяндамачысына кайрылып, якутиялык бакшы Александр Габышевдин ишин кароону өтүндү. Габышев Новосибирскидеги психиатрикалык ооруканага күчтөп жаткырылган. Укук коргоочулар баяндамачы орус бийлигине бакшыны бошотуу талабын жөнөтөт деп үмүттөнүшөт.

Amnesty International аны ооруканада мыйзамсыз кармап жатат деп эсептейт. БУУнун атайын баяндамачысы адам укуктары бузулган конкреттүү учурлар боюнча өлкөнүн бийлигине кайрыла алат.

Габышевди дарыгерлердин көзөмөлүнө жайгаштыруу чечимин үстүбүздөгү күздө Якутск шаардык соту кабыл алган. Ага тартип коргоочуларга күч колдонуу жана экстремизм үчүн айып тагылган.

Мындан эки жыл мурун бакшы жана тарапташтары “Путинди кууп чыгуу” жөрөлгөсүн жүргүзүү үчүн Якутиядан Москвага жол тартышкан. Аны бир нече күндөн кийин кармап психоневрологиялык диспансерге жөнөтүшкөн. Кийин бийлик өкүлүнө каршы зомбулукка барган деген негизде кылмыш иш козголгон. Адвокат аны кармоо маалында бакшы полиция кызматкеринин кийимин айрып алганы тууралуу версия айтылганын билдирген.

Быйыл январда Габышев Москвага дагы бир жүрүш жасарын айткандан кийин аны күчтөп психдиспансерге жаткырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG