Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Элвира Сурабалдиева парламент депутаттыгына ат салышат


Элвира Сурабалдева "Азаттык" радиосунун студиясында интервью берген учуру.
Элвира Сурабалдева "Азаттык" радиосунун студиясында интервью берген учуру.

Экс-депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы бир мандаттуу округдан парламентке ат салышат. Бул тууралуу ал 30-ноябрда "Азаттык" радиосуна билдирди.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү "баарына каршы" деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Жекшемби күнкү шайлоодогу добуштарды саноо уланып жаткандыктан, расмий жыйынтык азырынча жарыялана элек.

Баштапкы маалыматтар боюнча, саясий жарышка катышкан 21 партиядан алтоо, бир мандаттуу округдардан 34 талапкер мандат алганы турат. Болжолдуу жеңишке жеткендердин арасында партиялардан 20дай аял келиши мүмкүн, бир мандаттуу округдардан айымдар жок.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG