Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:19

"Клооп" шайлоо протоколдору кайра жазылганы тууралуу видео жарыялады


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Кабардагы окуяга тиешеси жок.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп" басылмасы бир катар добуш берүү тилкелеринде протоколдор кайра жазылганы тууралуу видеону 30-ноябрда жарыялады.

Басылманын маалыматына караганда, бюллетендерди кол менен эсептеген протоколдордун көчүрмөлөрү адегенде байкоочуларга берилген эмес. Кийинчерээк шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколду жапырт түрдө кайра жазып чыгышкан. Анын себебин так түшүндүрө алышкан эмес.

"Клооптун" байкоочулары ушул өңдүү фактылар жазылган видеолорду Сокулук, Өзгөн райондорунан, Ош шаарынан тартышкан. Буга азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

"Клооп Медиа" коомдук фондунун кызматкерлерине парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берилген эмес. Кийинчерээк алар "Коомар Медиа" уюмунун атынан байкоо жүргүзүүгө уруксат алышкан.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Добуштарды саноо уланып жаткандыктан, расмий жыйынтык азырынча жарыялана элек.

Баштапкы маалыматтар боюнча, саясий жарышка катышкан 21 партиядан алтоо, бир мандаттуу округдардан 34 талапкер мандат алганы турат.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG