Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Кулов: Стабилдүүлүк бардык кызыкчылыктан жогору турат


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу чыккан жаңжалды жөнгө салууда өлкөнү туңгуюкка кептебеш үчүн бийлик да, оппозиция да мыйзам чегинде, жоопкерчилигин сезип аракеттениши керек. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер Феликс Кулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу онлайн маалыматтарга байланыштуу жаңжал чыкты. “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги”, “Социал-демократтар” баштаган бир катар партиялар шайлоону тааныбай турганын айтып жатышат. Сиз мунун себептерин эмнеден көрүп жатасыз?

- Нааразылыктын чыгышына электрондук системанын бузулушу негиз болду. Дароо эле көптөгөн суроолор пайда болду. Актануулар ынанымдуу чыккан жок. Мисалы, БШКнын төрайымы техникалык адистердин айтканына таянып бир версияны айтса, вице-премьер министр "диверсия, саботаж" деп, Коопсуздук кеңешинин катчысы "хакердик чабуул" деп атат. Кимге ишениш керек? Ушундай түрдүү пикирлер нааразылыкты, добуштар кайсы бир партиянын кызыкчылыгына кетти деген шек саноону күчөтүп жиберди.

Мен техникалык ката дегенди угарым менен сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, бир эле учурда көз карандысыз байкоочулардын катышуусунда добуштарды кайра саноону расмий сунуш кылдым.

Бирок шайлоодо өтпөй калган саясий партиялар мунун бардыгы алдын ала уюштурулган деп, добуштарды кайра саноого макул болбой жатканы белгилүү болду.

Эмне кылуу керек? Мындайда мени жаран катары жана көп жыл саясатта жүргөн адам катары шайлоо жыйынтыктары эмес, өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктүн сакталышы кызыктырат. Дагы бир жолку төңкөрүш өлкөнү экономикалык терең туңгуюкка кептеши мүмкүн.

- БШК жаңжалга жеткирбей, тынчытса болот беле? Кандай ката кетирди?

-Электрондук добуш берүү системасын ийине жеткире карап чыккан эмес деп жатат. Ага кошумча, мурда да айттым эле, автоматтык саноочу урналар тынымсыз ремонттолуп, жаңыланып турушу керек. Ал үчүн көп акча керек. Ошон үчүн техникалык көп маселелер чечилбей, ишке шайкеш келбей калган. Ошонун бардыгы жанагыдай бузулууга алып келген. Муну аныктоо үчүн эми сотко чейинки териштирүүнүн алкагында чет өлкөлүк интернет технология боюнча адистердин катышуусунда экспертиза дайындалышы керек. Себеби, техникалык маселе саясий маселеге айланып кетпеши керек.

- Беш пайыздык чекке илинбей жаткан партиялар "добуштарда фальсификация бар, кайра шайлоо өтсүн" деген талап коюп жатышат. Партиялардын шек саноосуна негиз барбы?

- Далилдөө кыйын болот. Шайлоону мыйзамга таянып жокко чыгаруу керек. Мыйзам эмне дейт? БШК шайлоону шайлоо участокторундагы берилген добуштардын үчтөн бири жараксыз болуп калган учурда жокко чыгара алат. Бул реалдуу эмес. Далилдер болсо БШК эмес, сот гана жокко чыгара алат. Былтыр 6-октябрда БШК “шайлоого чейинки көп сандаган мыйзам бузууларга байланыштуу” деген негиз менен шайлоону жокко чыгарган. Бул укуктук эмес, саясий чечим болгон. Мындай жол менен кетүүгө болбойт. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

Кеңеш берген оңой. Ошентсе да мен саясий партиялар тууралуу өз оюмду айтайын. Бийликке ыктаган бир сайт жаз оор болот, кесепеттерге алып келе турган ар кандай нааразылык чыгышы мүмкүн деп жазды. Ошондуктан, өтпөй калган партиялар Ленин айткандай эки кадам алдыга шилтеш үчүн бир кадам артка жылышы керек.

Өлкөдө экономикалык кырдаал оор болот, экономикада сыйкыр болбойт. Аны оңдоого азыркы парламенттин дарамети жетпейт. Ошон үчүн саясий партиялар Конституциянын алкагында өз позицияларын тактап, нааразылыктарын айтып, бирок, ашыкча чараларга барбай турганы оң. Ошону менен упай топтошот. Андан ары шайлоо деле алыс эместир, балким.

- Оппозициялык партиялар БШКга эки күндүк мөөнөт бергенин, талаптар аткарылбаса митингге чыгарын айтып жатышат. Мындай учурда бийлик кандай кадамдарга барышы керек? Кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолун көрүп жатасыз?

-Мен өзүмдүн күч түзүмдөрүнүн мурдагы жетекчи катары тажрыйбама таянып айтайын. Керек болсо токсонунчу жылдагы улуттар аралык кагылышта да комендант болуп турганда өзгөчө абалга карабай, коркпой митингдерге уруксат бергем. Бирок жоопкерчиликти эскерткем. Ошон үчүн митингдер төңкөрүшкө айланып кеткен эмес. Мыйзам чегинде бардык мүмкүнчүлүктөргө жол берүү керек.

Бизде, тилекке каршы октябрда, 2010-жылы, 2005-жылы тактикалык жактан да, кызматкерлердин аракеттери тараптан да ашыкча күч туура эмес колдонулган. Сабатсыз аракеттенишкен. Ошондуктан ИИМге, УКМКга айтаарым, митингге чыккандарга желин чыгарганга мүмкүндүк бериши керек. Ошол эле учурда жоопкерчиликти эскертип, документтештирип коюу керек.

Тынч, цивилдүү митингдердин мыйзам чегинде өтүшү кадыресе процесс. Мындай митингдер канча көп болсо, бийлик ошончолук чыйралып, иштин бардыгы алар ойлогондой жөнөкөй эмес экенин сезип турат.

Бийлик чектен ашып кетпеш керек. Бизде дароо кууп-таркатып, айдап киришет. Садыр Жапаровду кармаганда канча кишини, үй-бүлөсүн, балдарын сабаганы эсиңиздедир. Анда мен кескин сын айтып чыккам. Митингичилер кыйкыргандан эч нерсе болбойт. Бул бийлик үчүн да, митингге чыккандар үчүн да маанилүү. Биз бардыгынан корко баштадык. Батышта миллиондоп чыгып, бийликти чыйралтып атышпайбы.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG