Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

УКМК: БШКнын техникалык адистери ката кетирген


Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасы утур-утур иштебей калууда. 1-декабрда алынган сүрөт.
Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасы утур-утур иштебей калууда. 1-декабрда алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кетирилген мүчүлүштүк Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо Боршайкомдун сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн.

“Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок”, - деп жазылат маалыматта.

Сайтта жарактуу бюллетендердин жана талапкерлерге берилген добуштардын санын кошууда ката кетирилип жыйынтыгында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөнү кабарланды. УКМКнын маалыматына ылайык, Маалыматтык шайлоо системасы туура иштеп жатат жана добуштардын саны боюнча туура маалыматтарды көрсөтүүдө. Ошондой эле БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгону аныкталган. Бирок аларга бөгөт коюлуп турган.

Атайын кызмат да добуш берүүнүн жыйынтыгы Конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталарын белгиледи.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Добуштарды кол менен саноо уланып жатат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну “көз боёмочулук” деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG