Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

НАТО Украинага каршы агрессиянын кесепети оор болорун Орусияга эскертти


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Рига, 30-ноябрь, 2021-жыл
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Рига, 30-ноябрь, 2021-жыл

НАТО Орусия Украинага каршы аскердик агрессияга бара турган болсо, муну арты олуттуу болорун эскертти. Киевдин айтымында, Орусия чек арага он миңдеген аскерин жана оор техниканы топтогон. Альянстын тышкы иштер министрлери Ригадагы жыйында орус-украин чек арасындагы кырдаалдан тышкары мигранттар кризисин талкуулап жатышат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шейшемби күнкү басма сөз жыйынында орус аскерлеринин коңшу өлкө менен чек арасындагы аракеттери тынчсыздантарын айтып, кырдаалга жакындан байкоо салып жатышканын кошумчалады.

Жазында да Москва чек арага 100 миңдей жоокерди тартып, кийин алардын санын азайткан.

Маалыматка ылайык, Латвиянын башкалаасындагы жыйында Киевге кошумча аскердик жардам берүү, альянстын чыгыш чек арасын бекемдөө маселеси каралышы ыктымал.

НАТОго кошулууга умтулган Украинанын атынан жыйынга тышкы иштер министри Дмитро Кулеба катышууда. 29-ноябрда министр кырдаалды олуттуу деп сыпаттап, “Орусияны ооздуктоо” үчүн эртерээк чара көрүү керектигин билдирди.

Орусия өз аймагында аскерлерин каалагандай жайгаштырууга укуктуу экенин айтып, коңшу мамлекетке кол салууга даярданууда деген маалыматтарды четке каккан.

30-ноябрда орус президенти Владимир Путин башкалаадагы инвестициялык форумда сүйлөгөн кезинде НАТО Украинанын аймагына чабуул коюучу ракетеларын жайгаштыра турган болсо, Москва муну “кызыл сызыктан” ашып өтүү деп сыпаттарын жана жооп кайтарарын айтты.

Ошондой эле Батыш аскерлеринин Орусиянын чек арасына жакын жерде, Кара деңизде өткөргөн машыгуулары камтама кыларын кайталады.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 30 өлкөнү камтыган блоктун министрлери Украинаны, өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин бекем колдой турганын так билдиришет деп айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG