Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узарткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди. Буга байланыштуу “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алган.

Мыйзам менен инвесторлордун, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдете турганы белгиленген.

"Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун 23-октябрда өткөн маалымат жыйынында көрсөтүлгөн слайд.
Президент Садыр Жапаровдун 23-октябрда өткөн маалымат жыйынында көрсөтүлгөн слайд.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана башка категориядагы бардык жарандарга "Жеткиликтүү ипотека" аркылуу 8% менен берилет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мурда берилген ипотеканын пайызы этап-этабы менен 4-6% төмөндөй турганын президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында билдирген.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыянын үстөгү 17-18% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG