Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

УКМК: Кыргызстанда бийликти басып алуу аракетине Түркиянын тиешеси жок


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Түркия Кыргызстанда төңкөрүш жасоого даярдык көрүүдө" деген маалыматка байланыштуу билдирүү таратты. Аталган мекеме бул маалымат жалган жана чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Атайын кызматтын жана айрым жергиликтүү сайттардын жазганына караганда, Кыргызстанда төңкөрүш жасоого Түркия аракет кылып жатканы тууралуу Орусиянын "Лента.ру" сайты жазып чыккан.

"УКМК чет мамлекеттердин эч кимиси Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигише албастыгын, коомдо жана мамлекетте болуп жаткан процесстерге тышкы күчтөрдүн таасир этүү аракеттерине жол бербей турганын расмий билдирет", - деп жазылат УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

УКМК 26-ноябрда 15тен ашуун киши бийликти басып алууга шектелип кармалганын билдирген. Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов жана парламенттик шайлоого "Жашылдар" партиясынын тизмеси менен бара жаткан Бекназар Купешов бар экени белгилүү болгон. Алар соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Мунун алдында социалдык тармактарда "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" уюмдарынын лидерлери Азамат Мусакеев менен Нурбек Калеекев камалганы тууралуу маалымат чыккан.

XS
SM
MD
LG