Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Чаткалда бензин кайра 75 сомго чыкты


Сүрөт 28-ноябрда тартылган.
Сүрөт 28-ноябрда тартылган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Аи-92 үлгүсүндөгү бир литр бензин кайра 75 сомго чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Өмүрбек Абдыкалыков билдирди.

Ал аймакта ноябрь айынын башында күйүүчү май 75-77 сомго чыкканын, Чаткал районунун администрациясы ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин бензин бир жумадай 70 сомдон сатылып кайра эле баа көтөрүлүп кеткенин айтты.

"Бензиндин тартыштыгы жок. Биз Талас менен Бишкекке каттап турабыз. Таласта, Бишкекте бир литр бензин 56 сом. Ошто деле ушул эле баа. Чаткалда 75 сом. Ортодогу айырма 20 сом. Жергиликтүү бийлик да, Монополияга каршы мамлекеттик кызмат да жөнгө сала албай жатат".

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG