Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз экономикасы учурда башынан эң оор күндөрдү өткөрүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент тамак-аш баасы кымбаттап жатканын, Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Президент бизнес олуттуу көйгөйгө туш болгонун, мамлекеттин колдоосу жок, көйгөйдү өз алдынча жеңе албасын белгиледи.

"Ишкердикти өнүктүрүү маселелери — бул биздин экономиканын негизи жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүүнүн башкы шарты. Биз ишкерлерге жана инвесторлорго карата өзүбүздүн ой-жүгүртүүбүздү түп тамырынан бери өзгөртүүгө тийишпиз. Анткени, алардын ийгилиги экономикага оң таасир тийгизет, бул болсо бизге социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселелеринде, экологияда, адамзат капиталын жакшыртууда жана башка багытта алдыга коюлган башка маселелерди толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк берет", - деди Жапаров.

Президенттин айтымында, азыркы учурда экономиканын өсүшүү темпи жана тартылган инвестициялардын көлөмү абалды толук жакшыртуу үчүн дээрлик жетишсиз.

Мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылган.

XS
SM
MD
LG