Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Эл менен кен казган инвестордун келишпестиги эмнеде?


Тоо-кен тармагы боюнча серепчи Назгүл Аксариева эл арасында изилдөө жүргүзүүдө.

Кыргызстанда кен казып, чалгындоо жүргүзгөн чет элдик компания өкүлдөрү менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатактар акыркы он жылда күчөгөнү Борбор Азия эл аралык университети жүргүзгөн изилдөөдө айтылды.

2010-жылдан бери кен казуу иштерине байкоо салып келген, тоо-кен тармагы боюнча серепчи Назгүл Аксариева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Назгүл айым, изилдөө кайсыл аймактарда жүрдү жана негизги максаты эмнеде?

- Изилдөө Борбор Азия университетинин долбоору аркылуу жүргөн. Мен аймактарда жүргөн сурамжылоолор боюнча жооптуу болдум. Изилдөө, байкоо Нарын районундагы Эмгекчил, Миң-Булак айылдарында, Чаткалдын Айгыр-Жал, Каныш-Кыя, Жаңы-Базар, Курулуш жана башка айылдарында, Ала-Буканын айылдарында да жүргөн.

Сурамжылоонун негизинде тоо-кен ишканалары, жергиликтүү администрация жана айыл тургундарынын ортосундагы мамилелерге байкоо салдык. Эгер келишпестиктер болсо, алар эмне себептен келип чыкты? Кыскасы, чыр-чатактарды басаңдатууда кандай натыйжалуу чечимдер бар экенин изилдеп, аныктадык.

Кен казуудагы чет элдик ишканалар менен элдин мамилеси тууралуу изилдөө жүргөн учур.
Кен казуудагы чет элдик ишканалар менен элдин мамилеси тууралуу изилдөө жүргөн учур.

- Сиздердин изилдөөдө акыркы он жылда чет элдик компаниялар менен жергиликтүү элдердин ортосундагы келишпестик күчөгөнү белгиленген. Бул эмнеге байланыштуу?

- Мында бир нече себеп бар. Эң башында 2010-жылдары чет элдик компаниялар, инвесторлор тарабынан жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринде эле кемчилдиктер кеткен. Компаниялар жалгыз мамлекеттик органдар менен эле чечимдерди кабыл алып баштаган. Ачык-айкындуулук болбогондон кийин эл маалымат жетишсиздигинен өз алдынча жарым-жартылай маалыматтарды таап, алар түшүнбөстүктөрдү жараткан.

Деген менен 2010-жылдары көбүнчө Батыш өлкөлөрү каржылаган инвесторлордо социалдык пакеттер бар болчу. Алар иш алып барууда батыштык стандарттардын негизинде дүйнөлүк биржаларда котировкаларын сактоо үчүн социалдык активдүү иш-чараларды жүргүзгөнгө кызыкдар болушчу. Бир чети совет доорунда Кыргызстандагы тоо-кен ишканаларда чет өлкөдөн, башка совет өлкөлөрүнөн келген кызматкерлер басымдуу эле. Кыргыз эли башынан эле негизги жумуш орундарына ээ болгон эмес. Ошол себептен кыргызстандыктарда “өнөр жай өндүрүшү тууралуу тарыхый аң сезими” жок болгон.

Ошол себептен көптөгөн түшүнбөстүктөр жаралды. Бир катар чыр-чатактардын натыйжасында 2014-2015-жылдары айрым батыш инвесторлору каржылоосун токтотуп, чыгып кетишкен. Алардын ордуна Кытай компаниялары келип жатышты. Жаңы инвесторлор буга чейинки жарым-жартылай чалгындоо жүргөн аймактарга да келишкен. Кытай компанияларында ачык-айкындуулук өтө эле төмөн болгон. Жабык десек да болот. Буга биринчиден тил тоскоолдугу негиз берген. Айрыкча аймактарда котормочулардын жетишсиздиги, түшүндүрүү иштеринин жүрбөй калышына себеп болгон. Бул баарлашууга тоскоолдук жараткан.

Эгер батыш инвесторлору көбүнчөсү чалгындоо иштерин жүргүзүп келсе, Кытай инвесторлору казып чыгуу иштерине туш келишкен. Өзгөчө чачыранды алтынды казууда рекультивация иштери жүрбөгөндүктөн, элдерде тынчсыздануу жаралган.
Элде конкреттүү суроолор пайда болгон: Калыбына келтирүү жумуштары эмне үчүн жүрбөдү? Жергиликтүү бюджетке кандай төлөмдөр түштү? Каражаттар кандай сарпталууда? Бул өтө көп чыр-чатактардын катталуусуна алып келди. Чыр-чатактар азыркыга чейин уланууда.

- Кен казуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүүдө жана аны сарптоодо жергиликтүү элдин катышуусу канчалык деңгээлде деп ойлойсуз?

- Лицензияны таркатуу учурунда жергиликтүү тургундардын катышуусу өтө аз. Бирок таптакыр жок деп да айта албайм. Себеби, ар бир жылдын башында жергиликтүү ар бир компаниялар биргиликте коомдук угууларды жүргүзөт. Ошол коомдук угууларда компания эмне иштерди кылып жатат, кандай иштерди пландаштарып жатканы боюнча отчет берилет. Ал жыйындарга каалаган жергиликтүү тургун катыша алат.

Бул жерде менин оюмча, айыл өкмөттөр маалыматты таркатуу боюнча жана элдердин арасына маалыматты тең таркатуу боюнча жалгыз гана райондун деңгээлинде эмес, башка айылдарга да таркатууну күчөтүшү керек.

- Тоо-кен иштеринде ачыктык жетишпейт деп жатасыз. Бул кандай маселердин келип чыгышына алып келет?

- Ачык-айкындуулук толугу менен жок деп да айта албайм, коомдук угуулар өтүп турат. Ал жерде маалыматты таркатууга аракет кылышат. Бирок бул жетишээрлик эмес. 2010-жылдан бери байкоолорду жүргүзүп келе жатам. Негизги маселе – кен казуудан түшкөн киреше. Анын канча бөлүгү айыл жергесине бөлүнүп келет? Айыл жергесине жеткен учурда деле ошол боюнча маалымат берилбейт.

Мисалы, жергиликтүү өнүктүрүү фонддор райондук жана облустук деңгээлде ачылган. Ошол эле компаниялар райондук жана облустук деңгээлде кирешеден 2% салык төлөйт. Бул өтө эле чоң суммалар. Долбоорлор, инфраструктуралык объектилер жергиликтүү өнүгүүнү экономикалык өнүгүүгө алып келээри жөнүндө маалымат жок. Бул жерде ошол өнүгүүгө алып келеби деген суроо туулат.

Дагы бир негизги маселелердин бири бул экологиялык жактан коркунучтар. Мисалы, казылып келген кендерди калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат аз. Кандай химикаттарды колдонушат? Ал химикаттар жерге, сууга, абага кандай таасирин берет? Ошол маалыматты берген учурда да, туура түшүндүрүү керек. Анткени, эгер маалыматты эл туура эмес түшүнүп алса, ал андан ары жаңы чыр-чатактарга алып келет. Ошондуктан, маалыматты туура жеткирүү да өтө маанилүү.

Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:43 0:00

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG