Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:41

Уран казуу долбоору коомдук талкууга чыкты


Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Министрлер кабинети өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Уран жана торийди мамлекеттик ишканалар гана иштетет

Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, 100% мамлекетке караштуу ишканаларга гана уран жана торий иштетүүгө уруксат берилет. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. (Долбоор)

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айтикеев 14-сентябрдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, уран казууга тыюу салуу ошол учурда туура чечим болгонун белгиледи. Азыр кен тармагын жөнгө салуучу кодекстер иштелип жатканына токтолуп, “коомчулукту кымгуутка салуунун кереги жок” деди.

Аталган министрликтин кен пайдалануу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Айша Карпаева “Азаттык” радиосуна мыйзам долбоорунун маңызын мындайча түшүндүрдү.

“Кодекстерди иштеп чыгуу боюнча президенттин буйругу бар. Кодекс – бул бир же бир нече тармакты жөнгө салуучу укуктук акт. Биз бул долбоорго кен казуу тармагындагы бардык мыйзамды киргиздик. Тыюу (ред: уран жана торий казууга) салуу кала берди. Келечекте эл аралык стандарт шарты менен мамлекеттик ишкана иштетсе болот. Азырынча бул долбоор гана. Азыр баары сунуштарын берип жатат”, - деди министрликтин адиси.

Коомчулуктун нааразычылыгы менен тыюу салынган

2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан.

Айрым жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы бир нече ири нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ошол кезде бийликке карата нааразылык күч алып, ушундан улам өкмөт Кызыл-Омполдогу кенди казганы жаткан "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын токтоткон. Ал эми парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгон.

Уран менен торийди казууга түбөлүк тыюу салуу боюнча долбоорду иштеп чыккан депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов жаңы мыйзам долбооруна каршы чыкты. Сулайманов ошол кездеги экологиялык коркунучтарын айтып көчөгө чыккан элдин нааразылыгын эске салды.

“Экономика жана башкасын жыйнаштырып баары элдин талабын колдоого аргасыз болгон. Мыйзамды кайра алып чыгуу такыр туура эмес. Бул элге каршы дегенди билдирет. Аябай чоң митинг, ызы-чуу болгон. Ошол мезгилде мыйзам кабыл алынып, бийлик эл менен эсептешкен. Мен дагы деле эл тарапта болом. Бул мыйзамды өткөзбөгөнгө аракет кылам”, - деди депутат.


Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбооруна демилгечи болгон "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Алмамбет Шыкмаматов учурда инвестиция министри.

Ал эми уран иштетүүгө каршы чыккан эколог Динара Кутманова өлкөнүн экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетин жетектөөдө. 2019-жылы уран жана торий казууга караманча каршы чыккан Шыкмаматов менен Кутманова бул маселе тууралуу пикирин билдире элек.

2019-жылы нааразылык акциясына чыгып жүргөн эколог Калия Молдогазиева коомчулук уран казууга кайрадан каршы турушу керек деп эсептейт. Эколог уран казуудагы жаратылышка эбегейсиз зыяндуулугу жөнүндө буларды айтты.

Калия Молдогазиева.
Калия Молдогазиева.

“Мамлекетпи же башка компания казабы айырмасы жок. Совет учурунда канча жерлерди казып, калдык сактоочу жайлары калды. Аны калыбына келтирүүгө акча жок болуп жатат. Бул Кыргызстанга гана эмес коңшу өлкөлөргө деле коркунучтуу. Себеби, уу калдыктар жер астындагы суулар аркылуу барышы мүмкүн. Ошондуктан уран иштетүүнү баштабаш керек”, - деди эколог.

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын башчысы, экономист Искендер Шаршеев заманбап технологияны колдонуу менен экологияга зыяны тийбесе гана өлкөдөгү кендер иштетилиши керек деп эсептейт.

“Инновациялык технология менен коопсуз иштетсе ага маселе жок. Бирок, ачык жол менен иштетилип, калдыктары сыртта шамалга, күнгө калса ал жаратылышка, элге зыян. Мындай жол туура эмес болуп калат”, - деди Шаршеев.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болгон. Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындай баштаган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы буга чейинки жумуштаргына 271 миллион сом коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдиришкен.

Урандын болжолдуу ресурсу 13 миң тоннадай болсо, анын 3, 5 миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга боло турган запас деп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG