Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:54

Миң-Куш: убайымга салган уран калдыгы


Миң-Куш.

Уран калдыктары сакталган Миң-Куш айылынын Туюк-Суу конушундагы 23 үй-бүлөнүн маселеси чечилбей жатат. Өкмөт алар коопсуз аймакка көчүп кетсе, ар бир түтүнгө 500 миң сомдон берилерин айткан.

Бирок жергиликтүү тургундар бул акчага башка турак жай сатып алууга мүмкүн эместигин айтып көчпөй жатышат.

Туюк-Сууда 450 миң тоннадай уран калдыгы сакталып турат. Өкмөт калдыкты көчүрүү иштери 2020-жылы башталарын ырастоодо.

Жергиликтүү элдин талабы

2013-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда уран калдыктарын зыянсыздандыруу программасы башталган. Анын экинчи баскычында - 2017-2023-жылдары Кыргызстандын аймагындагы уулуу калдыктарды рекультивациялоо үчүн курулуш иштери жүргүзүлөт деп пландалган.

Туюк-Суу конушунун тургуну Кенжебек Молдожусупов уран калдыктары сакталган жерге жакын жашайт. Өкмөт бул аймакта отурукташкандарды чукул арада башка жакка көчүп кетишин талап кылган. Бирок ал чакан чарбасына тоют жыйнап алганын, кийинки жылдын жаз айларына чейин эч жакка көчпөй турганын айтууда:

- Мамлекет ар бир үй-бүлөгө 500 миң сомдон которуптур. Бул акчаны алыш үчүн үйүңдү бузушуң керек экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сүрөткө тартып кеткенден кийин 350 миң сом берет дешти. Андан кийин үй-бүлөңдү толук көчүрүп кеткенден кийин гана калган 150 миң сом берет экен. Биздин бир кошунабыз көчүп кетти. Ага ушундай шарт менен беришиптир. Азыр бизге бөлүнгөн акчаны беришсе, биз башка аймактан үй караштыра берет элек. Анан үй таап алып, жаз алды менен көчүп кетмекпиз. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул талапка көнбөй жатат. Өткөндө баарыбыз “Кокус жер көчкү болуп, зыянга учурасак, эч кимге дообуз жок” деген кагазга кол коюп бергенбиз.


Жашоого кооптуу делген Туюк-Суу конушунда 23 түтүн эл жашайт. Алгач ушул үйлөрдүн ээлерине Өзгөчө кырдаал министрлиги 200 миң сомдон кенемте бермек болгон. Өкмөттүн бул акчасы алардын Туюк-Суудан көчүп кетиши үчүн каралган. Бирок 2017-жылы аталган конуштун тургундары 200 миң сом үй сатып алууга да, жаңы тамды курганга да жетпейт деп, өкмөттөн бери дегенде 1 миллион сом талап кылып келишкен.

23 үйдү көчүрүү милдети өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн. Ар бир үй-бүлөгө берилчү 500 миң сом республикалык бюджеттен төлөнөт.

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева учурда 23 бүлөнүн экөө көчүп кеткенин, дагы үч үй-бүлө көчөбүз деп билдирүү бергенин билдирди:

- Бул үй-бүлөлөр башка жактан жашаганга там табышат. Анткени алар талаада калбашы керек. “Мына, бул үйдү таптым” дегенден кийин гана акча алганга келишим түзүлөт. Андан кийин 500 миң сом банк аркылуу которулат. Бул 23 үйгө жашаганга болбойт деген бүтүмдү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эчак эле чыгарган. Ошондуктан алар чукул арада көчүп кетиши керек.


Миң-Кушта уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. Туюк-Сууда 15 жыл мурда жер титирөө болгон. Табигый кырсыктан кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, бул аймакта кооптуу кырдаал түзүлгөн. Ошондуктан аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Мындан улам бул жерде жашагандарды башка аймакка көчүрүү чечими кабыл алынган.

Адистердин айтымында, эгерде жер көчкү жүрсө, ал Миң-Куш дарыясынын жолун торойт. Миң-Куш суусунун жолу торолсо ал уран калдыктарын агызган боюнча Нарын дарыясына куят. Мындай кырсык Борбор Азиянын башкы көйгөйүнө айланышы толук ыктымал.

Уран сактоочу жайды башка жакка көчүрүү маселеси дээрлик он жылдан ашык убакыттан бери талкууланып келет.

2013-жылы КМШ өлкөлөрүнүн арасында «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» программасы ишке ашырыла баштаган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, анын каржы булактары КМШ Аткаруу комитетинин бюджетинен каралган. Аталган программанын алкагында Кажы-Сай жана Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо каралган.

Долбоорду орусиялык "РосАтом" компаниясы ишке ашырат. Аталган компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Денис Плещенко ушул жылдын июль айында "Азаттык" радиосуна алардын ишканасы Тоң районундагы Кажы-Сай жана Миң-Куштун аймагындагы Туюк-Суу деген жерлерде көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун ишке ашырып жатканын билдирген.​

Туюк-Суудагы 450 миң тонна уран калдыгын көчүрүүгө кеткен чыгымды Борбор Азиядагы төрт мамлекет көтөрөт. Анын 75% Орусия мойнуна алган. Калганын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан чыгармай болгон.

Эл аралык уюмдардын аракети текке кетпейби?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Бакыт Асангулов Туюк-Суудагы уран калдыктарын көчүрүү 2020-жылы башталарын айтты:

- Уран калдыктарын көчүрүүнүн биринчи этабы 2018-2019-жылдары ишке ашат. Бул этапта жолдор салынып, даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүргөнгө үлгүрсөк, кийинки жылы уран калдыктарын ачып, аны көчүрүү иштери башталат. 2020-жылдын башында башталат деп айта албайм. Анткени долбоордун талаптары бар. Тендер Москвада өтөт. Иш ошого жараша болот. Биз экологиялык нормаларды сактайбыз. Анткени ошол аймакта жашаган тургундарга зыянын тийгизбеши керек. Биз муну эл аралык уюмдар менен чогуу даярдап жатабыз.


Уран калдыктарын көчүрүүдө ал жерде жашаган жергиликтүү элдин саламаттыгына зыянын тийгизбей койбойт дегендер четтен чыгат.

Эколог Рудбек Абдраев бул долбоор аткаминерлердин коррупциялык схемасына айланышы мүмкүн деп эсептейт:

- Уран калдыктарын зыяны жок көчүрүп кетүү мүмкүн эмес. Алардын долбоору менен таанышып көрүш керек. Нан кескенде деле күкүмү дасторкондо калат да. Анын сыңарындай элге таасири тийбей койбойт. Туюк-Сууну көчүрүп кереги жок. Ал жер айдоо жери эмес. Жайыт да эмес. Коктуда жайгашкан. Болгону сайдагы суунун арышын чоңойтуп коюш керек. Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Долбоордун арты менен эл аралык уюмдардан акча алып, "сол чөнтөккө" салуу аракети болушу мүмкүн.

Миң-Куш айылында учурда 3700 киши жашайт. Союз убагында өндүрүш тармагы жакшы өнүккөн бул шаар тибиндеги кыштакта 18 миңге чейин адам жашаган. Бул аймакта 1947-жылдан 1969-жылга чейин уран казылып турган.

"Азаттыктын" архиви: Томсоргон Миң-Куш. 2012-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG