Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 04:28

Уран калдыктарын көчүрүүгө акча тартыш


Майлуу-Суудагы уу калдыктар сакталган жай.

Борбор Азияда уран калдыктарынын жети участкасы кооптуу, анын үчөө Кыргызстанда. Адистер тез арада которуу керектигин эскерткени менен каржы маселеси чечилбей турат.

Бишкекте 17-майда “Борбор Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлардагы тобокелдиктерди азайтуу” деп аталган жыйын өттү.

Анда уу калдыктар сакталган жайларды (хвостохранилище) зыянсыздандыруу үчүн эл аралык коомчулуктан жардам суроо маселеси көтөрүлдү.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атынан Евробиримдиктин өкүлү кайрылуу жасап, бул өлкөлөрдөгү уу калдыктарды тез арада которууга көмөктөшүүгө чакырды.

Бишкектеги уран калдыктарына арналган жыйын
Бишкектеги уран калдыктарына арналган жыйын

Европа парламентинин депутаты, атайын адис Мишель Риваси уу калдыктар сакталган жайларды жылдырбаса, келечекте кесепети оор болорун эскертти:

- Мен бул маселени тез арада чечпесе болбой турганын Еврокомиссиянын депутаттарына айтып, аларды ынандыруу үчүн бул жакка келип, көйгөйдү өз көзүм менен көрүп чыктым. Уран калдыктарын сактоочу жайлар жайгашкан Майлуу-Суу жана башка аймактардын баарында болдум, жагдайлар менен тааныштым. Эгер биз тез арада чара көрбөсөк, өтө жаман болот. Кокус кандайдыр бир жаратылыш кырсыктары болуп кетсе бул уулуу калдыктар ачылып, бир айыл эл кырылып калат. Ошол эле Майлуу-Суудагы уран калдыгы сакталган жай ачылып кетсе, 12 млн. калк жашаган бүтүндөй Фергана өрөөнүн жууп кетиши мүмкүн. Жөн эле күтүп отура берсек, кесепети оор болот.

Европарламенттин мүчөсү Мишель Риваси буга чейинки изилдөөлөрдүн натыйжасында Борбор Азияда уран калдыктарынын жети участкасы өтө кооптуу катары аныкталганын кошумчалады. Алар Өзбекстандагы Чаркесар менен Янгиабад, Тажикстандагы Дегмай менен Истиклол жана Кыргызстандагы Миң-Куш, Шекафтар, Майлуу-Суу участкалары. Бул жердеги калдыктар сакталган жайлардын кээ бирлерин көчкү алганы турса, айрымдарын дарыялар жеп кетүү коркунучу күч.

Буга байланыштуу кыргыз, тажик жана өзбек бийликтери 2014-жылы эл аралык коомчулуктун жардамы менен калдык сактоочу жайларды зыянсыздандыруу боюнча иш-аракеттерин баштаган.

Анда Европа Биримдигинин, Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) жана Орусиянын калдыктар, радиация боюнча адистери биргеликте иш алып барышкан.

Анатолий Григорьев
Анатолий Григорьев

“РосАтом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Анатолий Григорьев калдыктар маселесин чечүүгө Орусия кол кабыш кылууга даяр экенин билдирди:

- Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан же Казакстан болсун уран калдыктарын реабилитациялоо маселесин өз алдынча чече албайт. Сөзсүз жардам керек. Баарыбыз күчбүздү жана мүмкүнчүлүгүбүздү бириктирип, бир долбоор алкагында чогуу иштешибиз керек. Азыр Орусия Кыргызстандын аймагындагы Миң-Куш жана Кажы-Сай уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо маселесине колдоо көрсөтүп келет. Рекультивация учурунда иш жүргүзгөн кызматкерлерге жана ал жерлерде жашаган тургундардын радиациялык коопсуздугун сактоо боюнча долбоордук, жумуштук документациябыз даяр. Алгачкы каржылык маселе деле чечилип калган. Бул иштер үчүн биз кеминде 50-55 млн. доллар каражат салганы турабыз.

Соңку төрт жылдан берки долбоордун алкагында уран сактоочу жайдын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, калдыктар көмүлгөн жерлерди бекитүү жана кайра калыбына келтирүү боюнча техникалык-экономикалык негиздөө даярдалган. Бул долбоорго Европа Биримдиги менен Норвегия мамлекети 616 млн. евро бөлгөн. Бирок калдыктарды башка жактарга көчүрүүгө акча толук жетпейт.

"Акча максатсыз жумшалат"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин жетекчиси Дамир Кушбаков буларга токтолду:

- Азыркы күндө объектилердин физикалык коргоосу бар. Ачылып кеткен жерди жаап турабыз, коргоочу тосмолор мамлекеттин эсебинен жаңыланып, оңдолуп турат. Бирок коркунучту биротоло жок кылуу үчүн өтө көп акча керек. Эгер алдын албаган болсок, көрүп атасыздар климат өзгөрүп жатат, жер силкинүү, көчкү көп катталууда. Кажы-Сайдан башка калдык сактоочу жайлар бүт чек аралаш аймактардагы дарыялардын боюнда жайгашкан. Ошон үчүн аймак муну чечүүгө бирге баралы деп, бул жерге чогулуп, дүйнөлүк коомчулукка көйгөйдү чогуу алып чыгып жатабыз. Калдыктарды рекультивация иштери үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкында атайын эсеп ачылган, ошого учурда 70 млн. евро акча жетпей турат. Эл аралык донор мамлекеттерден жардам сурап турабыз.

Бишкек шаарында жыйынга Борбор Азия мамлекеттери менен Орусиядан сырткары, АКШ, Британия, Германия, Түштүк Корея, Жапония, Иран жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты. Бирок алар байкоочу катары турганы эле болбосо, уран калдыктарын көчүрүүгө каржылык колдоо көрсөтүү боюнча ооз ачышкан жок.

Ошол эле кезде адистер калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча буга чейин долбоорлор да ачык-айкын жүрбөгөнүн сынга алып, аларга акча бөлүү маселеси эми кыйынга турарын айтышууда.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова изилдөө иштерине бөлүнгөн акча кымырылып жатканына токтолду:

- Аябай көп акча келет, эксперттер анын көбүн айлык катары эле алат, анан бирдеме кагаздарды эле чыгарып коюп жатышат. Бирок аткарылган иштердин жыйынтыгы көрүнбөйт. Буга ошол эле рекультивациялоо боюнча иштердин ачык-айкын жүрбөгөндүгү себеп. Канча акча кайсы жакка жумшалганы, кандай жумуштар жасалганы белгисиз бойдон калып кетүүдө. Ошондуктан жарандык коом киришпесе, калдыктарды которуу боюнча жасала турган иштер дагы коррупциялык жолдор менен уланып кетиши мүмкүн. Жарандык коом муну көзөмөлдөп турушу керек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.

Адистер калдыктар учурда деле ачылып калып, ал тургундарга көп зыяндуулук жаратып жатканын эскертип келет. “Кылым шамы” укук коргоо кыймылы былтыр Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарына байланыштуу экологиялык көйгөйлөр боюнча иликтөөсүн жарыялап, анын кесепеттерин атаган. Анда шаарда кош бойлуу аялдардын айына жетпей төрөгөн учурлары, оорукчан,балдардын көптүгү белгиленген.

"Азаттык" Майлуу-Суудагы калдыктардын зыяны тууралуу буга чейин атайын иликтөө жасаган:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG