Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Европа өнүктүрүү банкы уран калдыктарын жоготууга каражат бөлөт


Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары айылга чукул Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.
Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары айылга чукул Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтү менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы эсептик операцияларды жүргүзүү жөнүндөгү келишимди ратификациялоону караган учурда белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун белгилешинче, Кыргызстандын аймагында 28 радиоактивдүү калдык сактоочу жай, 25 радиоактивдүү тоо тектеринин жыйындысы бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн куб метрди түзөт. Ошондон улам, Европа өнүктүрүү банкы бөлгөн 16 млн доллар ошол жайларды калыбына келтирүү багытында жумшалмакчы. Оӊдоло турган объектилердин тизмеси келишим ратификация болгондон кийин такталат.

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанда уран калдыктарын жоготууга каражат бөлөрү апрель айында Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы өкүлү Нил Маккейн Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолуккан учурда айтылган.

Европа өнүктүрүү банкы Бишкек, Ош шаарларынын транспорт тармагын жакшыртууга, таштанды иштетүү, элди таза суу менен камсыздоо жана башка 154 долбоорду ишке ашырууга 693 млн евро бөлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG