Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Уранга байланыштуу убада аткарыла элек


Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.
Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Өкмөттүн корутундусу жоктугунан улам Кыргызстанда уранды казууга жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам парламенттин тийиштүү комитетинде каралбай турат.

Уран менен торийди казууга түбөлүк тыюу салуу боюнча депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоорун кароону Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети эки жолу артка жылдырды.

Бул тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттин 2-октябрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматына караганда, өкмөт беш айдан бери мыйзам боюнча корутундусун бербей, документти кароо алдыга жылбай турат.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Эгерде андай болсо өкмөт «уран менен торий казылсын. Биз мыйзамга каршыбыз» деп ачык эле айтпайбы. Элге «биз макулбуз» деп айтып алып, кайра мыйзамды өткөрбөөгө тымызын бут тосуп жатасыңар. Биз торий менен уранды коё туруп, алтыныбызды эле бирөөлөргө алдатпай, чыр-чатагы жок казып алалычы. Биздин мактанганыбыз экология, кооз жаратылыш, таза продукция. Ал эми уран менен торий аларга душман.

Шыкмаматов «өкмөт буга чейин уран казууга уруксат алган компаниялардын кызыкчылыгын да коргоп жатат» деп айыптады. Өкмөттүн ушул жылдын май айындагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда уран кенин чалгындап, казууга жана иштетүүгө сегиз лицензия берилген. Анын ичинен төрт лицензия иш жүргүзүүгө берилсе, төртөө долбоорлоо жумуштарына тиешелүү.

Алар төмөнкүлөр: Сары-Жаздагы Бүркүт уран кенин чалгындоо боюнча лицензия 2007-жылы берилген. Аны кыргызстандык ишкерлерге таандык «Миа» компаниясы алган.

Камышановка аймагындагы уран кенин чалгындоону америкалык «Интернешнл майнинг компани» алып, 900 тонна уран бар экени аныкталган.

«Минерал эксплорер» компаниясы Арам-Суудагы уран менен Отор уран кенин долбоорлоого уруксат алган.

Ал эми уран казууга каршылыкты күчөткөн Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензияны «ЮрАзия» ишканасы алган. Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 8 миң тонна торий бар экени аныкталган. Негиздөөчүлөрү канадалык (70%) жана кыргызстандык ишкерлер (30%).

Дал ушул уран кенине карата коомчулуктун кескин каршылыгынан кийин парламент уранды иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алып, өкмөт радиоактивдүү элементтерди, анын ичинде уранды геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салган.

Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чечимин бекемдөө максатында депутаттар тобу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет документтин концепциясын жактырган.

Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев мыйзамды андан ары кароо создугуп жатканынын себептерин түшүндүрдү.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- Өкмөт тыюу салууга макулбуз деп жатат. Бирок мыйзамды кабыл алуу берилип кеткен лицензияларды кайра кайтарып алуу ишине байланыштуу созулууда. «Лицензияларды ырааттуу карап чыкканга жардам бербейсиңерби» деп жатат. «Берилген лицензиялардын ичинде башка металл алына турган, бирок арасында аз көлөмдө уран кездешкен кендер бар. Эгер компаниялар сотко берсе утулуп калабыз» деп жатышат.

Өкмөт ишканаларга берилип кеткен лицензиялардын канчасы артка кайтарылганын азырынча жарыялай элек. Жазында уранга каршы арты-артынан нааразылык акциялары өтүп, экологдор катуу талап коюшкандан кийин президент, өкмөт да уулуу затты казууга каршы экенин жарыялаган.

Бирок ошол эле кезде өкмөт депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзамдын айрым беренелерине макул эмес. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин Казакстандан уран ташып келип, Кара-Балтада иштетүү сунушун киргизген. Мыйзамдын авторлору аны колдогон эмес.

Уранды казууга жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамдын алдыга жылбай жатышына коомдук активисттер камтамачылык билдиришти.

Эколог Динара Кутманова өкмөт уранды иштетүүгө каршы экенин жарыялаганы менен убадасына турбай, элди алдап жатат деген пикирде.

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

- Уран иштетүүнү убактылуу токтобуз деп элди тынчытып коюшту. Депутаттар иштеп чыккан мыйзам парламент жайында каникулга тарагыча эле кабыл алынышы керек болчу. Президент да уран эч качан иштетилбейт дегени менен өкмөт каршы болуп жатат. Өкмөт өз кызыкчылыгын түртүп, маселени эл унутуп калат деген ойдо болуп атат окшойт.

Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков иштеп чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG