Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Уран: 20 лицензиянын чоо-жайы


Уранды чалгындоого жана иштетүүгө каршы митинг. Бишкек, 26-апрель. 2019-жыл.
Уранды чалгындоого жана иштетүүгө каршы митинг. Бишкек, 26-апрель. 2019-жыл.

Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдо уран кенин чалгындоо толук токтотулганын айтканы менен, лицензия чакыртып алынганы ырастала элек. “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы да бул боюнча үн катпай турат.​

Адистер өкмөт элди сооротуу үчүн "иш токтоду" деп айтып койгонун билдирүүдө. Бул арада өлкөдө уранды чалгындоого 20дай фирма уруксат алганы белгилүү болду.

Убактылуубу же биротолобу?

Соңку нааразылыктардын фонунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия чакыртылып алынганын айтканы кызуу колдоо менен кабылданды. Бирок мындай билдирүү жасалган 25-апрелден бери өкмөт лицензияны кайтарып алганын ырастаган бир да далил келтире алган жок.

29-апрелде гана мөөр басылбаган, куш тилиндей катты социалдык тармактардын колдонуучулары Интернеттен таратышты. Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев Экотехинспекцияга билдирүү жазып, “аталган компаниянын “2852 МР” лицензиясын пайдалануу укугу токтогонун” билдирет.

Айтмамат Кадырбаевдин каты.
Айтмамат Кадырбаевдин каты.

Жер казынасын пайдалануу комитетинин басма сөз катчысы Элеонора Сыдыкова бул документтин мазмунун ырастап, буларды билдирди:

«Лицензияны чакырып алдыбы, же эмне кылды деп жазып жатышпайбы, ошолор туура эмес болуп калды. Бул жерде лицензияны пайдалануу укугу токтотулду да. Жазылган кат түп нуска экенин тастыктайбыз. Ошол катта көрсөтүлгөндөй “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын 26-беренесинин (“Түздөн-түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби”) негизинде ушундай чечим кабыл алынды», - деди ал.

“Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын башкы директору Светлана Менг да алгач лицензиясы токтотулганы тууралуу аларга эч кимден билдирүү келбегенин айтып жаткан. Кийин бул жөнүндө таптакыр комментарий бербей калды.

Бирок баары бир, Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө улам “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия өзү эмес, аны пайдалануу укугу гана токтогонун биле алдык. Анда өкмөт өкүлү эмне үчүн уран казуу толук токтогонун жарыялап жиберди?

Адистер муну катар-катар митингдерди басуу, нааразылыктардын мизин кайтаруу үчүн жасалган аракет катары баалашууда. Уран иштетүүгө каршылык билдирип келаткан жарандык активист Рита Карасартова буларга токтолду:

Рита Карасартова уранга каршы митингде. Бишкек, 26-апрель, 2019-жыл.
Рита Карасартова уранга каршы митингде. Бишкек, 26-апрель, 2019-жыл.

«Ошон үчүн мен өткөндө эле “токтоттук дегени, бул элдин эле нааразылыгын басып, сооротуу” аракети деп айтып жаткам. Эл башында ушуну угуп, “уран казуу токтогон турбайбы” деп митингге чыкпай койду эле, бүгүн эми митингге тыюу сала баштады. Эртең баарыбыздын оозубузду жабат да, унуткарып туруп кайра иштете башташат», - деди ал.

Адистер лицензияны кайтарып алуу же кен казуучу компаниялар менен келишимди токтотуп коюу оңой эместигин, бул үчүн жүйөлүү себептер зарылдыгын белгилейт.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин тоо-кен комитетинин мүчөсү, кен тармагындагы адис Кубан Ашыркулов буларды белгиледи:

Кубан Ашыркулов.
Кубан Ашыркулов.

«​Тоо-кен мыйзамы боюнча лицензияны тартып алууга мүмкүнчүлүк жок. Аны токтотууга эки гана себеби бар. Биринчиси - ишкана салык төлөбөсө, салыгы тууралуу отчет тапшырбай койсо, экинчиси - эгерде кандайдыр бир эреже бузуу болуп, кылмыш иши козголсо, соттун чечими менен жокко чыгарылат. Ал эми лицензияны убактылуу токтотуу дегени, андан да көбүрөөк себептер керек. Бул жерде кандай экени белгисиз болуп жатат. Менин түшүнүгүмдө лицензия убактылуу гана токтотулуп, ал канчалык туура же туура эмес деген гана маселени изилдеп жатышат. Анан ошол изилдөөнүн жыйынтыгына карап бир чечим кабыл алынат болуш керек».

Ашыркулов эгер кыргыз тарап келишимди бир тараптуу үзсө же лицензияны негизсиз чакыртып алса, талаш жергиликтүү жана эл аралык соттордо каралышы мүмкүндүгүн эскертет.

Кызыл-Омпол. 20-апрель, 2019-жыл.
Кызыл-Омпол. 20-апрель, 2019-жыл.

«Азыр лицензияны жокко чыгарышса, компания негизсиз токтотулду деген негизде сотко кайрылышы мүмкүн. Эгер сот лицензия негизсиз, туура эмес жокко чыгарылды деп тапса, анда Кыргызстан кенемте төлөп бериши керек болот. Андай болсо компания өз чыгашаларын толугу менен өкмөттүн мойнуна илиши мүмкүн. Бирок алар канча акча коротсо ошонун баарын далилдеп бериши керек болот», - деди эксперт Кубан Ашыркулов.

Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындай баштаган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы буга чейин жумуштарга 271 миллион сом коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдиришкен. Ага карабай, соңку бир аптадан бери уран иштетүүгө каршы нааразылык уланып келет. 26-апрелде Бишкекте митинг өтсө, ушул күндөрү Балыкчыда өтүп жатат. Мындан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары да Кыргызстанда 50 жылга чейин уран казууга мораторий киргизүү демилгеси менен чыгышты.

Уранды чалгындоочу 20 лицензия

Ошол эле мезгилде Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин сайтындагы атайын маалымат бөлүкчөсүндө Кыргызстанда металл, металл эмес кендерди жана минералдарды казууга жалпы 2530 лицензия берилгени көрүнүп турат. Эгер андагы "уран" деген пунктун өзүнчө белгилеп, издөө жасаганда 15 компания 20 тилкеде уран кенин чалгындоого уруксат алганы чыга келет.

Мисалы, "Карасай Кен" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомунда эле беш лицензия бар. Фирма Алай районундагы Комсомол, Икезяк жана Каргыш тилкелеринде, Баткен районундагы Ескей тилкесинде жана Чаткал районундагы Чийим-Таш тилкесинде уран чалгындоого уруксат алган.

"Mineral Explorer" фирмасынын Ысык-Ата районундагы Утор аянтында жана Панфилов районундагы Арам-Суу участкасында уран издөөгө жол берген эки лицензиясы бар.

Мындан сырткары "Кызылсуу Кек" мекемеси Орус-Булак участкасында (аймагы көрсөтүлгөн эмес), "Примера Групп Инк." акционердик коому Ак-Суу районундагы Сары-Жаз участкасында, "Аян Инвест" фирмасы Ысык-Ата районундагы Ат-Жайлоо участкасында, "Ант Компани" Токтогул районундагы Такталык аянтында, "Экслибрис Групп” фирмасы Жети-Өгүз районундагы Сарысай аянтында, "Артыбаш" фирмасы Баткен менен Лейлек райондорунун кесилишинде жайгашкан Мадыген аянтында уран чалгындоого уруксат-кагаздарын алган.

Радиоактивдүү затты изилдеп көрүү үчүн “СКГЭ” аттуу мамлекеттик ишкана Ысык-Ата районундагы Кашкатөр участкасына документ алса, "Голден Пасс" фирмасы Ак-Суу районунун Ашуутөр аянтына керектүү лицензия алган. Ээлик кылган лицензияларына ылайык "Горнорудная компания Рич Маунт Гонконг" Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бозтектир аянтына, ушуга аты окшош "Международная Горнорудная" компаниясы Сокулук районунун Түндүк Камышановка участкасында уран чалгындоого укугу бар экен.

"МИЯ" аттуу фирма Ак-Суу районунун Бүркүт тилкесинде, "Ынтымак88" фирмасы Ысык-Атанын Серафимовка участкасында уран чалгындоого уруксат кагаз алган. Булардын кайсынысы жумушун баштаганы белгисиз, бирок лицензия үчүн жылына тиешелүү суммада акы төлөп келишет.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов алардын мыйзамы кабыл алынса, ушул лицензиялардын баары жокко чыгарын айтууда.

«Депутат Алтынбек Сулайманов экөөбүз сунуш кылган мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент кол коюп берсе, буга чейинки алынган уран боюнча лицензиялардын бардыгы жокко чыгат. Чалгындоо же казуу сыяктуу бир да иш жүргүзүлбөйт. Уран бар жердеги башка кендерди, мисалы, алтынды да казууга тыюу салынат. Анткени алтынды казсаң эле уран кошо чыгат. "Элүү жылда эл жаңы" дейт, ошол кездеги жаңы муун урандан пайда табабыз десе, алардын өз эркине коюш керек, кааласа казат, каалабаса мораторийди жылдырып коёт. Мыйзам кабыл алынса, же лицензиялар жокко чыкса, тиги компаниялар сотко берет деп коркуп отура бербеш керек. Ошентип жүрүп, мына Кумтөр кени боюнча бизди коркутуп келатышат. Эл аралык сотко берсе берсин, биз да беребиз. Ошентип коркуп жүрүп Кумтөргө улуттук кызыкчылыкты жедирип коюп отурабыз», - деди эл өкүлү.

Кызыл-Омполдогу урандын көрсөткүчү. "Азаттыктын" коллажы.
Кызыл-Омполдогу урандын көрсөткүчү. "Азаттыктын" коллажы.

Чуу жаратып жаткан Кызыл-Омпол кенинде урандан башка торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана сейрек кездешүүчү топурактардын ондогон түрлөрү бар экени маалым болду.

Урандын болжолдуу ресурсу 13 миң тоннадай болсо, анын 3 жарым миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга боло турган запас экени айтылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG