Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Уран казууну түбөлүк тыйчу мыйзам


Караколдогу уранга каршы митингдердин бири.
Караколдогу уранга каршы митингдердин бири.

7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга түбөлүк тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.

Анда мыйзам долбоорунун авторлору түшүндүрмө беришти, бир катар сунуш-талаптар айтылды. Жыйында уран казууну жактаган адамдар сүйлөгөнгө аракет кылышты, бирок каршылыктан улам талкуу ортолоп калганда чыгып кетишти.

Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов жана КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков иштеп чыгышты.

Уран казууну түбөлүк тыйчу мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:17 0:00

Канат Керезбеков мыйзам долбоору уран кенин казууга түбөлүк тыюу саларын айтты:

«Мыйзам долбоору беш беренеден турат. Так жазылган, бул туура жол. Бул жерде эч кандай жылчык калтырбай, эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, так жазылышы керек. Толук тыюу салынат».

Коомдук талкууда уран кенине байланыштуу берилген лицензиялар тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев учкай маалымат берди:

Карыбек Ибраев.
Карыбек Ибраев.

«Таза уран боюнча сегиз гана лицензия берилген. Алар да чалгындоого жана издөөгө гана берилген. Төрт лицензия иш жүргүзүүгө берилсе, төртөө долбоорлоого тиешелүү. Сары-Жаздагы Бүркүт уран кенин чалгындоо боюнча лицензия 2007-жылы берилген. «Миа» компаниясына таандык, негиздөөчүсү кыргызстандык ишкерлер. Алар бул аралыкта 1,65 млн. сом салык төлөшкөн. Камышановка аймагындагы уран кенин чалгындоону америкалык «Интернешнл майнинг компани» алган. 900 тонна уран бар экени чалгындоодо аныкталган. Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензияны «ЮрАзия» ишканасы алганын билесиздер. Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 8 миң тонна торий бар экенин аныктаган. Негиздөөчүлөрү канадалык (70%) жана кыргызстандык ишкерлер (30%). Арам-Суудагы уран кенин долбоорлоого гана лицензия берилген. Бул жана Отор уран кенин да долбоорлоого «Минерал эксплорер» ЖЧКсы уруксат алган».

Ибраев андан сырткары дагы тогуз лицензия уран кошумча кен катары эсептелүүчү кендерди иштетүүгө берилгенин кошумчалады. Алар Таластагы Боз-Тектир, Баткендеги Каргыш кенинде, Чаткалдагы Кара-Сай кенинде, Алайда, Токтогулда жана башка жактарда алтын, күмүш, цинк, жез казылып алынуучу кендерде жайгашкан.

Коомдук талкууда уран кендерине берилген лицензияларга, алешемдикке байланыштуу аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу талаптар бир канча жолу айтылды. Эколог Динара Кутманова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов пикирин бир канча жолу өзгөрткөнүн, чалкеш маалымат бергенин айтып, өзү кызматтан кетиши керек экенин билдирди:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

«Бардык эле цивилизациялуу өлкөдө жетекчи өз эрки менен эле кызматтан кетмек. Анткени ага ар-намысы андан ары иштегенге жол бермек эмес. Биздин жетекчилерде мындай сапат жок. Эгер бүгүнкү коомдук талкуудан кийин деле аны кызматында калтырып коё турган болсо деле таң калбайм. Мен Рустамовго кайрылам: кызматыңыздан кетип эле калыңызчы!»

Динара Кутманов Башкы прокуратура соңку уран жаңжалына байланыштуу кылмыш ишин козгобой жатканына да нааразы болду.

Жыйынга уран кенин казууну жактагандар да келди. Алардын бири Нурахмат Мирбеков оюн түшүндүргөнгө аракет кылды, бирок анын сөзүн жыра тартып, толук сүйлөтүшкөн жок.

Мейли, уран деле жабыла берсин, бирок эртең эл аралык сот болот

«Пайда бере турган болсо иштетип, өнүктүрүп гүлдөтсө болот, - деди ал. – Мисалы, ушул нерсени Интернетте көп эле оюн кылып жатышат. Митинг деген нерсени, уран деген нерсени чыгарып жатышат. Биз «эс алуучулар, туристтер, дагы башкалар келбей калат» деп айтып жатпайбызбы. Митинг болсо келбейт да. Биздин митингди башка мамлекеттер которуп жазып жатышат. Мейли, уран деле жабыла берсин, бирок эртең эл аралык сот болот».

Талаш-тартыштан кийин уран казууну жактаганы келгендердин баары жыйындан чыгып кетишти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк комиссия иштеп жатканын, тиешелүү чечимдер комиссиянын корутундусунан кийин кабыл алынарын маалымдады:

«Бүгүнкү өкмөт бир да лицензия берген эмес. Акыркы лицензия 2018-жылы февраль айында берилген экен, азыркы өкмөт болсо апрель айында иштей баштаган. Лицензияны берүүгө тиешеси бар жетекчилердин жоопкерчилигин да ошол комиссия карайт. Комиссиянын иши ачык-айкын болушу үчүн сиздер да кирип катышыңыздар».

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

​Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбоорун парламент жайкы тыныгууга кеткиче кабыл аларын айтты. Ал мыйзам долбооруна каршылык да чоң экенин эске салды:

«Мен бийлик элдин колунда экенине сыймыктанам. Сиздердин үнүңүздөр менен биз - Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент - ушундай жыйынтыкка келип жатабыз. Биз каникулга кеткенге чейин ушул мыйзамды аягына чыгарып, үч окуудан тең өткөрүп, президентке кол койгонго жиберебиз. Президенттин позициясын болсо өзүңүздөр уктуңуздар. Сиздер айткандай бул оңой болгон жок. Ар түрдүү сунуштар болуп жатат. Коркутуу болуп жатат. «Сатып алабыз» дегендер болуп жатат. Ушул төрдө отурган үч депутат эч кимден коркпойт, сатылбайт, буга ишене бериңиздер».

Өткөн айда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбасын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG