Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Жээнбеков уран боюнча позициясын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыр-аягы уран чуусуна байланыштуу үн катып, «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирди.

Ал бул тууралуу 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда айтты. Муну менен өлкө башчы Кыргызстанда уран маселесине тиешелүү талаш-тартышка чекит койгондой болду. Бирок уран казууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек экенин айтып жатышат.

Уран маселесине байланыштуу пикирин ачык айта элек президент эле калган. Элдин каршылыгынан улам өкмөт 22-апрелде Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын ишин убактылуу, кийин 25-апрелде толук токтоткон.

Ал эми Жогорку Кеңеш 2-майда Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган. Мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин бул чечимдеринен кийин социалдык тармактардын колдонуучулары уран маселеси боюнча Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирбей жатканына нааразы болуп, «Президент, үн кат!» («Президент, не молчи!» - ред.) акциясын башташкан.

Өлкө башчы 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда жарандардын конституциялык укугун коргоо жөнүндө сүйлөп жатып, уран казуу боюнча да пикирин айтты. Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы тараткан видеодо Жээнбеков буларга токтолду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Кызыл-Омполдогу уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Мен так кесе айтам - Кыргызстанда уран казылбайт! Мен президенттик кызматыма киришкенден баштап тоо-кен тармагына көбүрөөк көңүл бурууну тапшыргам. Айрыкча лицензия берүү системасы коррупцияга белчесинен баткан. Бул жетер жерине жетип калгандыктан Коопсуздук кеңешине да алып чыгып карадык. Ал жакта катуу талкуу болду».

Президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Омполдогу абалды кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады жана абалды убагында жөнгө сала албаганы үчүн өкмөттүн ишин сындады:

«Ачыгын айканда өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коом дүрбөлөңгө түштү. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам, жөндөн-жөн эле дүрбөлөңгө түштүк. Саясатка айлантып жиберишти. Азыр Ысык-Көлдө туристтик сезонго даярдыктар болуп жаткан кезде мындай дүрбөлөң жалпы туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан мен массалык маалымат каражаттарына, жарандык коомго, мекендештериме тынчсызданууга эч кандай негиз жок экенин айтам».

Кызыл-Омполдогу уран чуусунан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга түбөлүк тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомдук талкууга коюлду. Мыйзамдын демилгечилеринин бири Шыкмаматов уран казууга эми мыйзам менен тыюу салыш керек деп эсептейт.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Албетте, президент өзү айткандан кийин уранды казууга каршы турат. Бирок Конституция боюнча президент 2023-жылга чейин эле иштейт да. Андан кийин келген президент «уран казабыз» деп чыкса эмне кылабыз? Экинчи жагдай: буга чейин уран чалгындоого алынган 20га жакын лицензияны жокко чыгарып коюшубуз керек. Алар эртең «биздин лицензиябыз бар, биз уран казышыбыз керек, мамлекет биздин чыгымды төлөп берсин» десе эмне кылабыз? Ошондуктан биз мыйзам менен токтотуп коюшубуз керек. Президент өз сөзүн айткандан кийин эми мыйзамга да кол коюп берет деген ишеним бекемделип калды», - деди ал.

Кызыл-Омпол кенинде уран казууга каршы нааразылык акциялары негизинен 2018-жылдын ноябрь айында эле башталган. Кендин айланасындагы иштер боюнча Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагынын тургундары былтыр уран казууга каршы чыгышкан. Буга байланыштуу өткөн жылдын 31-декабрында мекеме аралык жумушчу топ түзүлүп, иштей баштаган.

Уран казууга каршы маанай быйыл апрель айында күч алып, Ысык-Көлдө жана Бишкек шаарында удаа-удаа бир нече митинг өттү. Ушундан улам 18-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен былтыр түзүлгөн жумушчу топтун курамы кеңейтилип, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү тургандар менен жолугуп келген.

Уран казууга каршы акцияларды уюштуруп Бишкекке чейин келген Балыкчы шаарынын тургуну Марат Акатов бийлик абалды курчутпай башында эле кескин кадамдарга барышы керек болчу деп эсептейт.

Марат Акатов.
Марат Акатов.

«Биз канчадан бери ызы-чуу болуп атсак да президентибиз унчукпай отурбады беле? – деди ал. - Эми кеч болсо да ушинтип үн катып койгонуна ыраазымын. Ушундай чечимдерди бийлик бутактары мурдатан эле кабыл алса жөө жүрүш кылып, митингге чыкпайт элек да. Бизге саясатчылар, ар кандай коомдук уюмдар, аты чыккан адамдар «кошулалы» деп сунуш кылышты. Бирок биз эч кимди кошкон жокпуз. Карапайым эл жол киребизди өзүбүз төлөп, тамак-ашыбызды өзүбүз даярдап алып митингге чыгып аттык. Бизди эч ким каржылаган жок».

Президент башта айткан кен тармагындагы башаламандык жана оңду-солду берилген лицензиялар маселеси өткөн аптада парламенттин уран маселесин талкуулаган жыйынында да көтөрүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери жер казынасын пайдаланууга баш-аягы 2571 лицензия берилген. Анын ичинен 480 алтын казууга байланыштуу.

Ал эми уран кенин чалгындоого жалпысынан 18 лицензия берилген. Анын тогузу жалаң уранды, калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого уруксат берет. Анын ичинен төртөө биосфералык аймак деп эсептелген Ысык-Көл облусуна таандык.

Ушул төрт лицензиянын бирин 2010-жылы Кызыл-Омполдо геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы алган. Кийин лицензиялык келишимдин мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Ишкана 2012-жылдан бери геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом короткон. Учурда анын лицензиясы токтотулуп турат.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын жетекчиси Светлана Менг эми алардын мындан аркы кадамдары тууралуу «Азаттыкка» маалымат берди:

Светлана Менг.
Светлана Менг.

«Азырынча акыркы чечим кабыл ала тургандай тиешелүү мыйзам жок да. Ошондуктан шашпай туралы. Биз болсо кандай мыйзам кабыл алынат, уран казууга мораторий киргизилеби-жокпу, күтүп турабыз. Андыктан баары мыйзамга байланыштуу. Анткени уран иштетүүгө мораторий киргизүү боюнча мыйзам парламенттен өтүп, президент кол коюшу керек да».

Жалпы Кыргызстан боюнча уран кенине байланыштуу маселенин көтөрүлүшүнө негиз болгон Кызыл-Омполдун «Таш-Булак» тоо-кен участкасы 2015-жылы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33 800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Изилдөөгө Кызыл-Омпол аймагынан төрт миң гектар жер алынары айтылган. Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта геологиялык чалгындоо иштери 1950-1957-жылдары жүргүзүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG