Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:36

Тоңдуктарды чочуткан Кызыл-Омполдун ураны


Жолугушуунун катышуучулары. Анара Ажыбековадан алынган сүрөт.
Жолугушуунун катышуучулары. Анара Ажыбековадан алынган сүрөт.

Көк-Мойнок айылында кенди иштетүүгө айылдын айрым тургундары каршы экенин билдирип жатышат.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө бир катар жергиликтүү тургундар “экологияга чоң зыян келет” деп каршы болушууда. Ал жерди чалгындоого уруксат алган “Юразия в Кыргызстане” жоопкерчилиги чектелген коому дээрлик изилдөө иштерин бүтүп калды. Жергиликтүү бийлик кендин иштешине кызыкчылыгы бар экенин билдирип, “ал иштеп калса жергиликтүү бюджетке көптөгөн каражат түшөт” деп турат.

Өткөн жумада Көк-Мойнок айылында кенди иштетүү боюнча коомдук угуу болуп, анда айылдын айрым тургундары кенди иштетүүгө каршы экенин билдирип чыгышкан. Алардын арасында Көк-Мойнок айылынын тургуну Сагынбай Абдылдаев да болгон.

- Каршы болуп жатабыз, кантип макул бололу? – дейт ал. - Эми карабайсыңарбы, жайыттардын баарын талкалаганы турушат, экологияны бузган жатышат. Тоолордун баары жоголот экен. Ошол тоодогу шамал Балыкчыга урат, көлгө тийет. Андан кийин көлгө киши келбей калат. Анан ошол кичинекей тоо үчүн көлдүн баары талкаланмак беле?

Азырынча Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү бардык айылдарда жалпы талкуу боло элек. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Таалайбек Куланбаев да кендин иштешине каршы. Ал айыл өкмөт болуп турганда кенди иштетүүгө уруксат бербей койгонун, экологияга зыян келээрин билдирди:

Таалайбек Куланбаев.
Таалайбек Куланбаев.

- Менин учурумда бергенге каршы болуп койгом. Себеби ал кокту-коктулардан суу агып турган жер. Суунун баары биригип келип Чүй суусуна кошулат. Менин каршы болгонумдун бирден-бир себеби ошондо. Анан биз шамалдын нугунда турабыз, жылдын дээрлик жарымында бизде шамал болот. Анан ошол шамал менен чаңдын баары көлдү көздөй учат. Ал жерден Көк-Мойнок айылына, Балыкчы шаарына такай шамал болуп турат.

Таалайбек Куланбаевдин айтымында, ал айыл өкмөт болуп турганда эле кенди изилдөө иштери бүткөн. Ал эми азыркы айыл өкмөт башчысы Майрамкүл Кыдыралиева болсо “Юразия в Кыргызстане” компаниясы изилдөө иштерин гана жүргүзүп жатканын билдирди. Ал учурда кенди иштетүүгө айылда бирин-серин эле адамдар каршы болуп жатканын, аларга туура эмес маалымат келип атканын айтты:

Майрамкүл Кыдыралиева.
Майрамкүл Кыдыралиева.

- Бул жерде баары эмес, бирин-серин адамдар каршы чыгып жатышат. Ага туура эмес маалымат келгендиги себеп болуп атат. "Уран казылса зыян" деп эле ошого каршы чыгып жатышат. "Экологияга зыян болот экен" дейт. Бирок экологияга эч кандай зыяны жок.

Иш-чарага кенди изилдеп жаткан канадалык “Юразия в Кыргызстане” компаниясынын өкүлдөрү, Тоң районунун акими, айыл өкмөт башчысы катышкан. Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев кенди иштетүүгө жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Анын айтымында, альтернативалуу киреше булактарын таап, элдин жашоо турмушун оңдооого жумшаш керек. Андан тышкары, компания өкүлдөрүнүн айткандарына таянып, кен иштесе зыяны тийбей турганын айтты:

Таалайбек Ажиев.
Таалайбек Ажиев.

- Адистер “бул зыяны жок долбоор” деп атышат. “Ал жерде чийки зат жердин үстүндө турат, жердин астында эмес, шахты ыкмасында иш жүргүзүлбөйт, тескерисинче турган турпаты зыян” деп атат. Булар “ошону тазалап кетебиз” деп жатышат. “Ал жерден эмес, суу менен жууп, анан темир жол менен чаң чыгарбастан Кара-Балта шаарына алып кетебиз” дешүүдө.

Канадалык компания кенди изилдөөгө лицензияны 2010-жылы алган. Бул маалыматты Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Махабат Мансурова билдирди:

- Лицензия 2010-жылы 18-ноябрда берилген, ал 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. “Юразия в Кыргызстане” деген компания Кызыл-Омпол аймагында уран кенин чалгындоо иштерине лицензия алганы көрсөтүлгөн.

Изилдөөгө Кызыл-Омпол аймагынан төрт миң гектар жер алынат. Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймакта геологиялык чалгындоо иштери 1950-1957-жылдары жүргүзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG