Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Президент ишкерлерди оффшордогу акчасын кайтарууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров ишкерлерди акчаларын оффшордук аймактардан Кыргызстанга кайтарып келүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Чет өлкөдө катып жаткан акчаларын алып келүү, мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алып, жаңы жылда бардык бизнесмендерди жана куруучулардын баарын чогултабыз жана бул боюнча иш алып барабыз. Ошондой эле, аларга кылмыш же башка жоопкерчиликке иммунитетке кепилдик берилет. Мен атамекендик ишкерлерди өз активдерин ар кандай оффшордук аймактардан чыгарууга жана аларды мекенибизге кайтарып келүүгө чакырат элем", - деди президент.

Президент капиталын легалдаштырган бизнесмендерге капиталдын келип чыгышы жөнүндө суроолор болбой турганына кепилдик берерин айтты.

Президенттин айтымында, бул боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берилип, администрация менен биргеликте мыйзам иштелип чыгып атат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген. Жогорку Кеңеш "Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алган.

Бир жылдан бери канча ишкерге бул мыйзам боюнча мунапыс берилгени тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG