Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Диплом чуусу: Момбеков сотко даттанат


Рыскелди Момбеков

Социал-демократтар партиясынын жарыштан четтетилген талапкери Рыскелди Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко даттанганы жатат. Боршайком 24-ноябрда Момбековду "жогорку билими тууралуу биринчи диплому жасалма" деген жүйө менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер макамынан ажыраткан.

Соңку окуя буга чейин айрым аткаминерлердин, жогорку кызмат адамдарынын дипломдоруна байланыштуу талаштуу жагдайларды, кош стандарттуулук тууралуу талкууну козгоду.

Рыскелди Момбеков БШКнын чечими Конституцияга каршы келерин айтып, аны саясий куугунтук катары сыпаттаган. Социал-демократтар партиясынын юристтери учурда сотко арыз даярдап жатат.

"Бул мага болгон саясий куугунтук. Анткени мындан беш күн мурда менин талапкерлигимди алганы калышкан. Бирок андан эки-үч күн өткөндөн кийин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүм бийликке катуу тийдиби, айтор жаңы чечим кабыл алышыптыр. Мен эми БШКга кысым болуп жатканын билип эле турам”.

Момбеков 26-ноябрда БШКнын чечими боюнча сотко арыз тапшырганын билдирди.

БШК Момбековду жарыштан четтетүү тууралуу чечимди Билим берүү жана илим министрлигинен келген кат менен негиздеген. Анда архивде Момбеков 1997-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаганы тууралуу документтер жоктугу жазылган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Момбековдун дипломун териштирип жатканы өткөн аптада белгилүү болгон. Бул маселе БШКда каралып, чечим сот өкүмүнөн кийин кабыл алынмай болгон.

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Момбековдун четтетилишинде саясий өңүт бар деген сөздөрдү четке кагып жатат.

“Негизи мен деле соттун чечимин күтсөк болмок деп ойлогом. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин каты негиз болуп жатпайбы. БШКнын мүчөлөрүнө эч ким басым жасап, “Момбековду алгыла” деген жок. Шайлоо башталгандан бери биздин ишибизге эч ким кийлигишкен жок. Расмий келген документтердин негизинде эле чечим кабыл алып жатабыз”.

Атайын кызмат өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Кыянбек Сатыбалдиев дагы "жасалма диплом" алган деп шек саналып жатканын, териштирүү башталганын билдирген. Анда жогорку билими тууралуу документ талапкердин бир тууганы Кыялбектин атына берилгени айтылган.

Кыянбек Сатыбалдиев дипломунда техникалык гана ката кеткенин, атындагы бир тамга алмашып калганын айткан. Бир эмес эки жолу териштирүү жүргөнүн, ката окуу жайдан кеткенин жана бул маселе саясатташканын билдирген.

"Чындыгында "Кыянбек" деген сейрек ысым деп толук айта алам. Мындай атты мен уга элекмин. Мага көп эле жерде "Кыялбек" деп кайрылышат. Менин 1975-жылкы бир тууган агам Кыялбектин 10-класстык гана билими, күбөлүгү бар. Ал техникумга дагы, жогорку окуу жайга дагы тапшырган эмес. Анан калса мен төрт жыл күндүзгү бөлүмдө окугам. Бул бир эмес эки жолу тергелип, такталып, иликтенип аныктамасы чыккан".


БШК Кыянбек Сатыбалдиевдин дипломуна байланыштуу маселени тергөө жана соттук териштирүү амалдары аяктагандан кийин кароону чечкен.

Буга чейин Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри, учурда "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таалайбек Сарыбашевдин диплому күмөн жараткан. Анын 1995-жылы Ош техникумун аяктаганы тууралуу документи жасалма экени айтылган. Сарыбашев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим да алганын билдирген. Анын өкүлү Азамат Абсатаров экс-мэрдин дипломдоруна байланыштуу маселе жок экенин айтууда.

"Ошол убакта чыккан видеодо кокусунан эле диплому Алайда экенин айткан. Бирок мен анын дипломун өзүм көргөм. Бул маселе 2018-жылы мэрликке келгенде дагы көтөрүлгөн. Биз анда аны түз эфирде дагы көрсөткөнбүз, анын диплому бар. Ошол убакта муну органдар да текшерген. Сарыбашевдин маселеси көтөрүлгөн да. Анын диплому бар экени 100% анык. Ал акимдик кызматта жүрдү, губернатор болду, беш президенттин тушунда иштеди. Аны жүз жолу текшерсе дагы маселе чыкпайт. Мен азыр үгүт иштери менен Алайга кетип жатам, келгенден кийин көчүрмөлөрүн көрсөтүп берем".

Бул макала жазылып жаткан чакта биз Сарыбашевдин дипломдорунун көчүрмөлөрүн көрө алган жокпуз.


Деген менен БШКнын соңку чечими коомдо талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына бул чукул чечим болгонун белгилеп, дагы башка диплому маселе жараткандар каралбай жатканын жазды.

"Рыскелди байке мурда министр болуп иштеген, башка кызматтарда жүрдү, Жогорку Кеңештин депутаты болду, ошондо эмне жогорку билими текшерилбей эле жумушка дайындалганбы, андай болсо кимдер жооп берет? Ушул эле БШК, ушул эле жетекчилер отурган да. Момбеков депутаттык мөөнөтүндө дайыма эл тарапта болду, чындыкты чыркырата айтып турду, бирөөгө жагабы-жакпайбы “чимкириктерден” айырмаланды. БШКнын чечими чукул болду, диплому маселе жараткан башкаларды карабай, дал ушул Момбековду гана жалгыз айыптаганы күмөн ой жаратат. Таза шайлоого багыт алган соң, аягына чейин чыдап койгонубуз туура болмок", - деп айтылат билдирүүдө.


Быйыл кабыл алынган Шайлоо кодексине ылайык, парламент депутаттыгына талапкерлерге жогорку билими тууралуу жаңы талап киргизилген. Мындан улам "Ата Мекен" партиясы Конституциялык сотко кайрылган. Партиянын өкүлү Асия Сасыкбаеванын пикиринде, мындай чектөө Баш мыйзамга каршы келет.

"Шайлоо мыйзамын өзгөртүү керек. Анткени бүгүнкү күндө бизде беш дипломдуу, бирок билими, маданияты, деңгээли жок депутаттар деле отурат. Бирок жөнөкөй жарандар арасында жогорку билими жок болсо да айрым депутаттарга караганда акылдуу, ишти, мамлекеттин өнүгүшү, багыты тууралуу билген адамдар бар. Депутат - бул элдин өкүлү, эл өкүлү ар кандай болот. Ошондуктан мыйзамды өзгөртүш керек. Мисалы Конституцияда жарандар тең укуктуу экени жазылган. Шайлоо мыйзамы Конституцияга каршы келип жатат".


Конституциялык сот качан чечим чыгарары азырынча белгисиз. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев парламент депутаттыгына талапкерлердин жогорку билими тууралуу талап болушу керек деп эсептейт.

"Жогорку Кеңеш деген эң жогорку мыйзам чыгаруучу жана өкүлчүлүк орган да. Ал жакка билимдүү, мыйзам, мамлекеттик башкаруу деген эмне экенин билген, түшүнүктөрү бар адамдар барбаса болбойт го. Ушундай жагдайларга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизишти да".

Быйыл июнь айында учурда Кумтөргө байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун дагы диплому жасалма экени тууралуу кабарланган. Анда депутат "билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Андан кийин, ал Кыргыз улуттук университетинин диплому делген жасалма документти Ош мамлекеттик университетине тапшырууда колдонгон. Жогорку Кеңештин депутаты кезинде экинчи жогорку билим алган", - деп жазылган маалыматта.

Зулпукаровдун жактоочусу бул айып негизсиз экенин айткан.

Мындан үч жыл мурда, 2018-жылы жазында ошол кезде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеп турган Болот Сүйүмбаевдин диплому жасалма экени тууралуу маалымат чыккан. Дене тарбия жана спорт академиясы муну төгүнгө чыгарган. Аталган окуу жайдын жетекчилиги Сүйүмбаев 1987-жылы эле тапшырганын, бирок ар кандай себептер менен эки жолу окуудан чыгарылганын, бирок окуусун эки жолу тең калыбына келтирип, натыйжада 2012-жылы "дене тарбия мугалими" деген адистиктеги диплом алганын билдирген.

30 жылдагы жети шайлоонун сабагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG