Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Ош: өкмөт өкүлүнүн табышмактуу диплому


Кыргыз-өзбек университети.
Кыргыз-өзбек университети.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун Оштогу технологиялык коллежден эсепчилик боюнча алган диплому табылбай жатканы маалым болду. Ал эми жогорку билим тууралуу дипломду Сарыбашов Ош мамлекеттик юридикалык институтунан тогуз жылда алган.

Азыр Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү Таалайбек Сарыбашов 1995-жылы Ош технологиялык техникумунда окуп, эсепчи адистигине ээ болгонун өмүр баянында көрсөткөн. Бирок ал эсепчи экенин далилдеген дипломун азырга чейин эч кимге көрсөтө албай келет.

- Мен алгач Ош технологиялык техникумунун бухгалтер-эсепчи адистигин аяктаганмын. Анан "жогорку билимдүү болом" деп Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшыргам. 2008-жылы ал факультет юридикалык институт болуп калганда бүткөнмүн. Эки окуу жайга тең аттестаттын негизинде киргем. Техникумду 1995-жылы аяктап, Орусияга кеткен элем. Анан 1999-жылы Орусиядан келип, юридикалык факультетке окууга тапшырарда биринчи дипломду таппай калгам. Ошондуктан кайра эле аттестаттын негизинде юридикалык факультетке тапшырып, кайра Орусияга кеткен элем. Азыр 1-дипломум айылда. Айылга барганда ала келип, силерге көрсөтөм. Азыр айылда эч ким жок да?

Таалайбек Сарыбашов: Дипломум бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

Сарыбашов айтып жаткан Ош технологиялык техникуму 1994-жылдын 18-июлунда жоюлуп кеткен. Ал окуу жайынын базасында азыркы Кыргыз-Өзбек университети түптөлгөн. Кыргыз-Өзбек университетинин азыркы жетекчилери Ош технологиялык техникумунун студенттери тууралуу маалыматтар окуу жайынын архивинде сакталбаганын билдиришти.

Таалайбек Сарыбашовдун Ош мамлекеттик юридикалык институтундагы окуусу тууралуу маалымат.
Таалайбек Сарыбашовдун Ош мамлекеттик юридикалык институтундагы окуусу тууралуу маалымат.

Ош технологиялык техникумунун студенттери тууралуу маалыматтар Ош шаардык жана Ош облустук архивдеринде да жок болуп чыкты. Ош шаардык архивинин адиси Гуля Максутова буларды айтты:

- Ош технологиялык техникумунун студенттери тууралуу бир да документ бизге тапшырылган эмес. Бизде техникумдун окутуучулары тууралуу гана документтер бар. Окутуучулардын өздүк иштери, эмгек акысы, ишке кирген-чыкканы тууралуу буйруктар гана бар.

Ош облустук архиви болсо технологиялык техникум тууралуу бир да маалымат жок экенин билдирди.

Таалайбек Сарыбашов 2005-2008-жылдар аралыгында «Насирбек уулу Нурсултан» базарынын башчысы, жеке мекемеде эсепчи болуп эмгектенгенин өз өмүр баянында көрсөтүп жүрөт. Анын "эсепчи" деген диплому 1999-жылы табылбай калганын, экинчи дипломун 2008-жылы гана алганын эске алганда 2008-жылга чейин кайсы дипломдун негизинде эсепчилик кызматтарды аркалап жүргөнү белгисиз.

Өкмөт өкүлүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов "Сарыбашовдун эсепчиликке окуганы ырас" дейт.

Жумамидин Сулайманкулов.
Жумамидин Сулайманкулов.

- Ош технологиялык техникумунда окуганы анык. Ал киши окубаса "окубадым" деп эле айтмак. Аны мен да кайра-кайра сурадым. Чынын айтканда ошол техникумдан алган дипломун таба албай атабыз. "Орусияга баратканда керек болот" деп алып кетип, ошол жакта жоготконбу же үйүн бузуп, кайра оңдоп атканда жоготконбу - кыскасы эстей албай жатат. Каратып атабыз.

Сарыбашовдун артынан сая түшкөн имиштерден улам анын юристтиги тууралуу дипломун да текшертүүгө туура келди. Ош мамлекеттик юридикалык институтунда сакталган өздүк маалыматтарга караганда Таалайбек Сарыбашов юрист адистиги үчүн тогуз жыл окуган. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, 2-курстан айдалып, үч жылдан кийин окуусун уланткан. 5-курсунда Ош МУнун юридика факультети жоюлганына байланыштуу 6-курсту жаңы ачылган Ош мамлекеттик юридика институтунан 2008-жылы бүтүргөн.

Аталган институттун архив башчысы Рая Ибраеванын айтымында, Сарыбашовдун документтеринде кынтык жок.

Ош мамлекеттик юридикалык институту. Сүрөт ОшМЮИнин расмий сайтынан алынды.
Ош мамлекеттик юридикалык институту. Сүрөт ОшМЮИнин расмий сайтынан алынды.

- 2007-жылы Ош МУнун юридикалык факультети жоюлуп, андагы студенттер толугу менен бизге которулган. Которулуп келген студенттердин ар бирине өзүнчө академиялык аныктама берилген эмес. Аларды тайпасы менен бир которгондуктан, ар бир тайпага бирден гана академиялык аныктама берилген. Буларда академиялык айырма да болгон эмес. Анткени окуу жайы алмашканы менен программасы өзгөртүлбөстөн, окуу программасы бизде улантылган. Биздин окуу жайыбызда бир эле семестр окуп, экзаменге кирерин эске алып, окуу китепчеси (зачетка) да берилген эмес. Ошондуктан Сарыбашовдун өздүк ишинен академиялык аныктама, академиялык айырма, окуу китепчеси табылбай жатканы мыйзам ченемдүү иш. "Анын диплому жасалма" деген имиштер - куру сөз.

Кыскасы, Таалайбек Сарыбашов эсепчилик адистик үчүн үч жыл окуган дипломду жоготуп жиберген. Анан кайра башынан экинчи окууга өтүп, аны тогуз жылда бүткөн. Бирок тогуз жыл күттүргөн диплому колго тийгенден баштап Сарыбашовдун ташы өйдө кулап келатат.

Соодагер, анан базарда эсепчи, кийинчерээк базар башчы болуп иштеген Сарыбашов дипломду алган 2008-жылы Алай райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Төрт жылдан кийин Алай районунун акими болуп калган. Андан үч жылдан соң өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп, бир кезде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков иштеп кеткен кызматка дайындалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG