Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Акчаң болсо - диплом бар


24-декабрда Жалал-Абадда жасалма диплом менен айыл округунун башчысы кармалган. Бул өңдүү фактылар буга чейин да катталган. Ал эми адистердин айтымында, акыркы жылдары жасалма дипломдорду сатуу азайды.

Наргиза аттуу бийкеч эки жыл мурда жогорку окуу жайын бүтүргөн. Башка курсташтары өңдүү эле ал экзамен тапшырып, дипломдук ишин жактап, айтор көп эмгектенген соң гана колуна диплом алган. Наргиза университетте аягына чейин окубаган курсташы башкалар өңдүү эле диплом алганын айтат:

- Биз окуп жүргөндө биз менен бир кыз окучу. Төртүнчү курстан ал турмушка чыгып, окууга келбей калган. Бирок кийин ал башкалар сыяктуу эле диплом алганын уктум. Көрсө сатып алган экен. Укканыма караганда, ал азыр иштеп жүрөт.

Жасалма диплом: пайдасынан зыяны көп

Адистердин айтымында, жасалма диплом сатуу мындан он жыл мурда өтө көп кездешчү. Анткени ал кезде ар бир окуу жайы өз алдынча диплом дайындап, бүтүрүүчүлөргө тапшырчу. Ал эми Билим берүү министрлигинде бүтүрүүчүнүн колуна тийген документтердин бардыгы боюнча маалыматтык база түзүлгөнү жасалма диплом сатып, аларды алгандар азайды, дейт Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу, илимий-методикалык бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Жаанбаев:

- Каржы полициясы жана башка органдар диплом, аттестаттарды катуу текшере баштаганы мындай фактылар азайды. Ошондой эле буга эки-үч айлык окуу курстарынын, кыска мөөнөттө билим берүүчү окуу жайлардын ачылышы да түрткү болду. Эми көптөр олчойгон акча төлөп диплом сатып алгыча, эки-үч ай окуй коюп мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болууну эп көрүп атышат.

Каржы полициясынын өкүлү, ага тергөөчү Үмөтаалы Смаиловдун ырасташынча, жасалма диплом менен кармалгандар мындан бир нече жыл мурда өтө көп кездешчү:
Көптөр олчойгон акча төлөп диплом сатып алгыча, эки-үч ай окуй коюп мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болууну эп көрүп атышат.


- Токсонунчу жылдары андай фактылар көп болгон. Ушул тапта өтө сейрек кездешет.

Дегени менен кечээ жакында жасалма диплом менен Жалал-Абад облусуна караштуу Курманбек айыл округунун башчысы кармалган. Андан мурдарак, мамлекеттик үлгүдөгү жасалма дипломдорду сатып жаткан жеринен эки айым колго түшкөн. Ушул тапта бул эки факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Текшерүү ашыкча болбойт

Айрым маалыматтар боюнча, аракет кылып, ийне менен кудук казбастан эле, диплом алууну каалагандар ушул иш менен алектенген фирмаларга 700-1000 доллардын тегерегинде акча беришет. Ал эми жасалма диплом менен кармалып калгандар мыйзам боюнча акчалай штраф төлөп же эркинен эки жылга чейин ажыратылат.

Ал эми сөз болуп жаткан проблеманы чечүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан атайын сайт ачылган. Ал сайттын маалымат базасында Кыргызстанда 2004-жылдан берки бүтүрүүчүлөргө берилген дипломдор боюнча маалымат камтылган.

Ар бир адам кыска убакыттын ичинде дипломдун аныктыгын билип алса болот. Аталган долбоордун координатору Наталья Петровскаянын айтымында, бир күндө жыйырмадай адам сайттын кызматынан пайдаланат:

- Мамлекеттик үлгүдөгү ар бир дипломдо биздин сайттын дареги жазылган. Ошол боюнча дүйнөнүн кайсы жеринен болбосун, каалагандар анын аныктыгын билип алса болот. Диплом ээсинин аты-жөнү, анын номери өңдүү эн жөнөкөй маалыматты сайтка кирип жазсаңыз, дароо эле жооп аласыз. Бул өзгөчө иш берүүчүлөргө, күч органдарына чоң жардам.

Наталья айымдын айтымында, эгерде дипломдун аныктыгын ушундай жол менен билүү сөзсүз түрдө жүрсүн деген эреже болсо, бул жасалма диплом маселесин чечүүдө жакшы жардам болмок.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык+": Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

"Азаттык+": Адамдын күчү - билимде
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00
XS
SM
MD
LG