Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Лицензиялык талапка жооп бербеген ЖОЖдор жабылууда


18-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги 14 ЖОЖдун жогорку билим берүү укугун чектеди. Лицензиясы кайтарып алынган окуу жайлардын арасында Бишкектеги ЕККУ Академиясы да бар.

2009-жылдын май айында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, өлкөдө иш алып барган отуздай жогорку окуу жайы жетиштүү деңгээлде билим бере албагандыгы үчүн эскертүү алган. Бул ЖОЖдорго үч ай аралыгында окутуу программасынын сапатын жогорулатып жана материалдык-техникалык абалын оңдоо үчүн убакыт берилген. Бирок министрликтин ноябрь айындагы кайталап текшерүүсү бул ЖОЖдордо билим деңгээлин жогорулатуу боюнча эч аракет көрүлбөгөнүн көрсөткөн.
Менин канчалаган группалаштарым кантишет? Биз кантебиз эми?


Лицензия берүү жана аккредитациядан өткөрүү мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Бакыт Исмаиловдун айтымында, ушундан улам бул окуу жайлардын лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынды.

- Өлкөдөгү 14 ЖОЖдун жана ЖОЖ филиалдарынын ишмердиги токтотулду. 15 ЖОЖдун 70 адистик боюнча лицензиялары кайтарып алынып, дагы 17 жогорку окуу жайынан 67 адистик боюнча билим берүү укугун 3 айга токтотуу чечими кабыл алынды.

Биринчи орунда – талап!

Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн коллегиялык жыйынга айрым жогорку окуу жайынын жетекчилери да катышты. Бирок министрликтин соңку реформасына ректорлордун эч бири каршы сөз айта алышкан жок. Кыргызстан ректорлор кеңешинин төрагасы Акунбек Абдыкалыков алардын атынан сөз алып, буларды билдирди:

- Урматтуу коллегиялык жыйын катышуучулары! Бакыт Искакович өзүнүн баяндамасында ар бир ЖОЖ боюнча мониторинг жыйынтыгы менен абдан так тааныштырып өттү. Мен анын реалдуу пикирине кошулам. Мен бул чечимге өз добушумду берем.

Анткен менен билим берүү укугу чектелген Бишкектеги ЕККУ Академиясынын жетекчиси Максим Рыбков Билим берүү жана илим министрлигинин соңку чечими менен макул эместигин “Азаттыкка” билдирди.

- Биз министр менен жолугуу туралуу кайрылуу жолдодук. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу тынчсыздануу билдирген арыз менен кайрылдык. ЕККУ Академиясы Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун макулдашуу меморандумунун негизинде иш алып барат. Ал меморандумдун күчү 2006-жылы 2016-жылга дейре узартылган. Биз учурда түзүлүп калган кырдаалга кабатырлануу билдирип жатабыз.

Ушул эле күнү Бишкектеги Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Академиясы менен өкүлчүлүгү бул окуя боюнча кабатырлануу менен билдирүү таратты. Анда аталган окуу жай өз ишмердигин токтотуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алдын-ала билдирүү албагандыгы айтылат.

Мындан сырткары ЕККУ Академиясы магистратура программалары боюнча студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн Борбор Азия, Европа, Орусиядан жогорку квалификациядагы кадрлар тартыларын айтып чыкты.

Студенттерге ким кепилдик берет?

Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев азырынча ЕККУ Академиясынын дооматына жооп кайтара элек. Бирок министр соңку жылдардагы ЖОЖдордун коммерциялык иш алып барууга өтүшү билим деңгээлинин төмөндөшүнө алып келгенин белгилеп, соңку реформадан бир да студенттин укугу тепселенбей тургандыгын ишендирип өттү.
Биз министр менен жолугуу туралуу кайрылуу жолдодук. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине бул тууралуу тынчсыздануу билдирген арыз менен кайрылдык.


- Коллегиянын бул чечими кокусунан пайда болгон жери жок. Чоң даярдык жүрдү. Биз албетте студенттердин тагдыры жөнүндө ойлондук. Мыйзам нугунда буга чейин эле эскертүүлөр берилген. Биз мүмкүнчүлүк берип атабыз. Үч-төрт ай ичинде министрликтин жардамы менен ошол окуу жай жетекчилери студенттерди которушат. Анын үстүнө жакында студенттердин каникулу башталат. Ошол учурда уюштуруу иштеринин бардыгы ишке ашырылат. Бир дагы студенттин мыйзамдык, конституциялык укугу бузулбайт.

Ал арада арабөк калган студенттер да өз нааразычылыктарын билдиришүүдө. Лицензиясы кайтарылып алынган Оштогу Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) аралыктан билим берүү боюнча филиалынын студенти Аман дубандагы кабарчыбыз Жанарбек Акаевге төмөндөгүчө маек куруп берди.

- Мен МУКта (Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) аралыктан билим берүү боюнча Оштогу филиалында - авт.белгилөөсү) эки жылдан бери окуйм. Контракт төгүп атабыз. Өзүбүздүн адистик менен жакшы эле окуп атканбыз да. Эмнеге таянып жоюп салышты билбей турам. Менин канчалаган группалаштарым кантишет? Биз кантебиз эми? Же башка окуу жайларга бизди которуу боюнча эч кабар болгон эмес. Чынын айтсам угуп алып аябай капа болуп атам. Менимче, чоң эле ката кетиришти го министрликтен. Бизге окшогон студенттердин тагдыры эмне болот?!

1991-жылдан тарта Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны 4 эсеге өскөн. Бирок ал окуу жайлардагы билим берүү сапаты жогорку деңгээлге чыккан эмес. Учурда өлкөдө жалпы жонунан 243 миң студент бар.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензиясы кайтарып алынган окуу жайлардын тизмеси:

1. Кибернетика жана информациялык технологиялар институту;

2. Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги филиалы;

3. Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча кыргыз-казак академиясы;

4. ЕККУ академиясы;

5. Ош укук, бизнес жана компьютердик технология институту;

6. Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) аралыктан билим берүү боюнча Оштогу филиалы;

7. “ДДЭ” билим берүү комплекси;

8. Ала-Бука гуманитардык-педагогикалык институту;

9. Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту;

10. Эмгек алакаларын салыштырмалуу изилдөө институтунун Караколдогу регионалдык борбору;

11. Эмгек алакаларын салыштырмалуу изилдөө институтунун Кара-Балтадагы регионалдык борбору;

12. Эмгек алакаларын салыштырмалуу изилдөө институтунун Аксыдагы регионалдык борбору;

13. Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту;

14. Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту;

"Азаттыктын" архивинен: Билим - жашоо чырагы (1-бөлүк)

Билим берүү тармагындагы абал, окуу жайлардагы паракорчулук тууралуу "Азаттык+" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында сөз болду.

Билим - жашоо чырагы (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:36 0:00
XS
SM
MD
LG