Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Эгемендикти кор туткан элди кулчулук күтөт


Жалал-Абад.

Эркиндиктин далили

Өз алдынча мамлекет курган, ага тарыхый укугу бар элдин көз каранды эмес эркин мамлекеттүүлүгүнүн, эгемендүүлүктүн калыбына келишине 30 жыл толду. Бул юридикалык, саясий, тарыхый так аныктама. Суверенитет де-юре тез эле ишке ашты.

Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн азат мамлекет экенин жар салды. Дүйнөнүн картасында жаңы мамлекет, геосаясий ландшафта жаңы өлкө пайда болду. Эл аралык мамилелердин субъектисине айлануу, суверенитетти жана эркиндикти де-факто, иш жүзүндө далилдөө үчүн оор, татаал, азаптуу жолду басып келебиз.

Албетте, эч нерсе адамга жөн берилбейт, ал эми эч бир өлкөгө эркиндик белекке берилбейт. Ар бир учурда, жерде жана көктө суверендүү мамлекет экенибизди, өлкөбүздө жана тышта өз кызыкчылыктарыбызды, жарандарыбызды коргогонго чамабыз келерин далилдөөгө мажбурбуз. Бул эзелки милдет, ар бир мамлекетке жүктөлгөн озуйпа, ар кандай мамлекеттин универсал миссиясы. Биз көп нерсени кармашпай туруп кармата бердик. Алышпай туруп багынган учурларыбыз арбын экен.

Ооба, ийгиликтерибиз да болду. Адатта салгылашка даярданат, биздин өлкө сыноолорго даярданбаганын, мурдунун учунан алысты карабасын кечээни таажылуу илдет ашкерелеп койду. Корона кризис дагы бир ирет мамлекеттик бийликтин стратегиялык ойлонууга, проблеманы масштабдуу чечүүгө кудурети жетпей калганын, тобокелдик менежменти калыптанбаганын ачыктады.

Өз ара жардамдашуу наркынан коомубуз тая элек экен, эгер эл өзү аракеттенбегенде эмненин ичинен чыкмакпыз, аны бир жараткан билет. Анысы аз келгенсип, эми пандемияны коркунучтан шылтоого айланта баштадык. Кыйынчылыктарды өткөнгө, географиялык абалга, коңшуларга, өткөн чакка шылтоо пандемия менен толукталып, күчөп айтыла баштады.

Бардык мамлекеттерде проблемалар арбын. Проблема кимде гана жок. Бирок баарына мүнөздүү, универсал көйгөйлөр менен катар айрым гана өлкөлөргө таандык, алар үчүн гана актуалдуу коркунучтар бар. Эски жана жаңы тобокелдиктерди айырмалай билишибиз зарыл.

Чакырыктар жана тобокелчиликтер

Чакырыктар менен тобокелчиликтер темасына миңдеген изилдөөлөр арналган. Айта турган нерсе деле калбагандай сезилет. Анын үстүнө турмуштук көйгөйлөрдөн башы чыкпаган журтту, көр тириликтен арыла албай кыйналган көпчүлүктү ого бетер санаага салуунун зарылчылыгы жоктой. Бирок да байкамаксанга салганыбыз менен маселе чечилбейт тура. Абалкы мыйзам ушундай. Качкан менен проблема чечилбейт. Эрих Фромм айткандай, эркиндиктен качсаң болот, бара турган жол – кулчулук, күнкордук. Көйгөйдөн качсаң кайда барасың, ал көбөйгөндүн үстүндө, анын оорлогону оорлогон. Кыргыз айткандай аңгектен качсаң дөңгөк чыгат.

Четинен бизге мүнөздүү, эксклюзив чакырыктарды жана тобокелчиликтерди баяндайлы. Аларды градациялоо принциптери да илимде так эмес. Чакырыктар менен тобокелчиликтер кырдаалга жана аларды кабылдоо, баалоо жана түшүнүү деңгээлине жараша актуалдаштырыла турган кубулуш экен.

Биринчиден, окуялардын тенденциясын, процесстердин мүнөзүн, журүшүн талдап, келечегин баамдоо, аныктоо, ошого жараша стратегия иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу Кыргызстан үчүн эң башкы илдет. Коронавирустан күчтүү оору. Энергетикалык кризис эзелки проблемалардын бири. Эчен жылдан бери айтып келебиз. Чечтикпи? Жок. Караандай элекпиз. Стратегиялык чечимдерибиз жок. Болгону ГЭС курабыз, ЖЭБ салабыз деген ураандарыбыз, экзотикалык куру убадаларыбыз бар.

Байлык жана суверенитет

Ар кандай байлык аны ыктуу пайдаланбаса проблемага айланат, керек болсо улуттук коопсуздукка, суверенитетке шек келтирет. Буга Кумтөр алтыны айкын мисал. Африка мамлекеттеринде алмазга бай өлкөлөрү үчүн алмаздын пайдасынан кесепети арбын, ошол мамлекеттердин элин азап-тозогунун башкы себеби. Мисалы, Ботсвана. Алмазга бай өлкө. Ар жылы 20,7 миллион карат алмаз казылат. Андан суммардык баасы – 2 млрд. 989 млн. доллар. Алмазды казган жана тышка саткан Debswana компаниясына De Beers Group of Companies корпорациясы ээлик кылат, Ботствана мамлекетине болгону De Beers компаниясынын 5,27% акциясы таандык. Калктын 40% жумушсуз.

Ангола, 9 млн. карат алмазды жыл сайын казат. Калктын 40% өтө жакыр деп эсептелинет. Зимбабведе ар жылы 175 млн. долларлык 3,5 млн. карат бриллиант казылат. Калктын 80% жакырчылыкта жашайт. Конго 16 млн. карат алмаз казып чыгарат. Адам өнүгүү индекси өтө төмөн өлкө, 188 мамлекеттин чинен 175-орунду ээлейт. Ушул мамлекеттер алмаз казып алуу боюнча эң алдыңкы жети мамлекеттин катарына кирет.

Дүйнө өлкөлөрүнүн өнүгүү деңгээлин аныктаган эл аралык олуттуу рейтингдерде биз көп көрсөткүч боюнча арттабыз. Экология, жакырчылык, жан башына ички дүң продукция, билим берүүнүн деңгээли, калктын саламаттыгы, тышкы миграция, саясий туруктуулук, инвестициянын көлөмү, улуттук экономиканын конкуренцияга туруштук бериши, азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу базалык көрсөткүчтөрдө арткы орундабыз. Бирок жан башына табигый кен байлыктар боюнча Кыргызстан алдыңкы 20 өлкөнүн катарында. Мына, реалдуу картина.

Мамлекеттик стратегия

2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоо жана андан кийинки окуялар мамлекеттик бийлик институттарынын алсыздыгын гана эмес, саясий, идеологиялык, моралдык легитимдүүлүгү өтө төмөн экенин көрсөттү. Бул окуялардын негизги бенефициарийлери, пайда тапкандар адеп пландабаган окуялардын жалгыз себеби шайлоодогу адилетсиздик эмес, туташ коррупция, калктын жакырчылыгы жана мыйзамсыздык негизги факторлор эле.

Мамлекеттик программалар жок эмес. Бар, алтургай абдан көп. Бирок алардын адекваттуулугу жана ишке ашыруу эң чоң проблема. Маселен, Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылга туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында “Көчөгө чыгып, башаламандыкка жана зордукка алып келген саясий талаштар цивилизациялык форматтагы талкууга өттү. Соңку жылдары ачык жана таза шайлоолор өттү” деп белгиленген эле. Турмуш эки аныктаманын тең реалдуулуктан алыс, жалган экенин, бийликтин көзүн май басып, он жыл алдыга процессти, океан артындагы тенденцияны койдук, эшикте эмне болуп жатканын көрбөй калганын тастыктады.

Ошентип, чакырыктардын бири – бул терең анализге негизделген, ичте жана тыштагы окуялардын, кубулуштардын, процесстердин өнүгүү тенденциясын эске алган, биздин кызыкчылыктарга шайкеш стратегиянын жоктугу. Коомчулук стратегия деген сөздү жактырбашы толук ыктымал. Анткени айрымдар “ар кандай стратегиядан пайда жок, андан көрө азыркы муктаждыкты чечпейби, кагаздын кимге кереги бар?” деп чыгышы мүмкүн. Көпчүлүк мамлекеттик программаларга ишенбейт, көңүлү калган. Бирок да азыр жана ушул жерде бет маңдайыбызда турган көйгөйлөр эзелки проблемалар экенин ким танат. Улам оорлоп, түгөнөт десе түтөгөн, азаят десе арбыган “салттуу” маселелер. Кыш биринчи жолу түшүп жатабы, кыргыз жерине? Илгери акылман Сенека “Багытын билбеген кемеге эч бир шамал жол улаш болбойт, акыры кыйрайт” деген экен. Мен лозунгдарга, кооз убадаларга шыкалган декларативдүү кагаз тууралуу айтканым жок.

Суу стратегиясы

Азыр да сууга шылтап турган кезибиз. Кыргызстан региондогу жана дүйнөдөгү кубаттуу державага айланабы же чабал өлкө бойдон калабы, эл аралык мамилелердин активдүү, таасирдүү субъектиси болобу же геосаясаттын пассивдүү объектиси бойдон калабы, өз байлыгына өзү ээ өнүккөн мамлекет болобу же колунан кутун качырган, оозунан жемин алдырган бечара кейпин киеби? Дал ушундай түйүндүү суроолордун жандырмагы суу жана аны пайдаланууга байланыштуу.

Стратегиялык байлык болууга тийиш суунун башын ачып албаптырбыз. Сууга ээлик кылуунун, пайдалануунун не мыйзамдык, не технологиялык-өндүрүштүк, саясий-дипломатиялык негиздерин түптөгөнгө чамабыз да, эркибиз да жетпей келет. Суу өзүнөн өзү стратегиялык байлык болбойт.

Кыргызстан сугат суусуна тарифти тээ өткөн кылымдан бери өзгөртө элек, жез тыйын бойдон калды. Ичибизде баасы төмөн, баркы жок болсо, тышка берүүдө, өндүрүштүк жана айыл чарба максаттарына пайдалануучу сууга баа так аныкталбаса, албетте, тышка эч нерсе дей албайбыз. Ушунун өзү да колдо туруп баркына жетпеген байлыкка биздин мамилебизди көрсөтүп турат. Сууну экологиялык кенч, экономикалык байлык, ички-тышкы соодада товар, саясий-дипломатиялык мамилелерде бизге артыкчылык берүүчү фактор катары эсептеп, аны сактоонун, пайдалануунун олуттуу, салмактуу стратегиясы, аны ишке ашыруунун реалдуу планы зарыл. Ансыз Кыргызстандын суусу байлык эмес, проблема бойдон калып, анан бара-бара азайып, биз акылыбызга келгенче түгөнөт.

Дүйнө климат боюнча саммитте бир топ маселени талкуулап, чечимдерди кабыл алды. Көмүрдү колдонууну азайтып, анан он-он беш жыл аралыгында биротоло токтотуу маселеси айтылды. Державалар айтып тим болбойт, эртең эле собол таштайт, анан талапка өтөт. Ошондо биз кантебиз? Адатыбызча жакырчылыгыбызга шылтайбызбы? Аны баарыбыз билебиз, биз да бекер отурганыбыз жок дешет, балким. Ошондой эле болсун. Бирок баланчанчы жылы жыргайбыз деген ураан жоопкерчиликтүү саясат эмес. Ал бери болгондо илгери үмүт менен айтылган тезис, ары болгондо популисттик лозунг. Пландоо экономикасын келбесине кеткен СССРден калган саркынды деп ыргытып жибергенбиз.

Өнүккөн мамлекеттердин дээрлик баардыгы ички-тышкы, социалдык-экономикалык саясатын планга негиздеп ишке ашырат. Кытайды коелу, Кошмо Штаттардын, Англиянын, Жапониянын, Европа шериктештигине кирген мамлекеттердин атайын пландоо департаменттери бар. Ысык-Көлдө Асман деген шаарча куруу идеясы көтөрүлдү. Жакшы. Болсун. Бирок канча киши эмне жейт, кандай оокат кылат, кайда уктап, кандай басат деген эң жөнөкөй нерселерден тартып, экосистемга тийгизүүчү таасирине чейинки маселелер бир стратегиялык планга байланышы абзел. Ансыз бийликке аралашкан улам бир чоң аткаминер бастыра албаган жол бузат болуп, бышпаган нерсени айта бериши ыктымал.

Алмаз Кулматов, тарыхчы

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG