Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Аламүдүн округунан талапкердин үгүтчүсү кармалды


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Аламүдүн районундагы Маевка айылында №25 Аламүдүн округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

25-ноябрында Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Б.А. аттуу үгүттөөчү М.М. аттуу жаранга беш миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган.

Кармалган жаран сурак учурунда Аламүдүн округунан депутаттыкка талапкер менен расмий келишимдин негизинде үгүтчү болуп иштеп жатканын жана кыркка жакын башка үгүтчүлөрдү иштетип, аларга 255 миң сом төлөп бергенин айткан.

ИИМдеги өздүк булактар ырастагандай, добуш сатып алуу боюнча кармалган жаран талапкер Болотбек Бегалиевдин үгүтчүсү. Шайлоо өнөктүгү башталганда Бегалиев мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөнү үчүн жазуу жүзүндө эскертүү алган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG