Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Тажикстандагы көмүскө паспорт "бизнеси"


Тажикстандын паспорту.

Орусиядан мыйзам бузганы үчүн чыгарылган миңдеген тажик мигранттары кайра бул өлкөгө кирүүгө аракеттенген учурлар арбын. Алар "документи жоголгон" деген негиз менен аты-жөнүн өзгөртүп, жең ичинен чоң акчага жаңы паспорт алган коррупциялыкчийимдерди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы - "Озоди" иликтеди.

Иликтөөдө бийлик бул көмүскө паспорт "бизнесине" көз жумуп, ал ири киреше булагына айланганы баяндалат.

Көмүскө кирешеге туйтунган мамлекеттик органдар

"Озоди" радиосунун иликтөөсү боюнча Тажикстанда 2014-жылдан 2021-жылдын биринчи жарымына чейин 235 миңдей жаран аты-жөнүн өзгөрткөн. Бул адамдардын көпчүлүгүн 3-4 ирет паспорт алып, Орусияга каттаган эмгек мигранттары түзөт.

Тажик бийлиги мурда муну ачык жарыялаган эмес. Иликтөөдөгү маалымат боюнча өткөн жети жылда 270 миңден ашуун тажик мигранты депортация болсо, анын жарымынан көбү жаңыдан паспорт алып, кайра Орусияга кеткен.

Анда бул көмүскө жолдор Тажикстандын Ички иштер министрлигине караштуу паспорттук каттоо кызматынын мекемелери аркылуу ишке ашып, жарандардын аты-жөнү өзгөртүлгөн жаңы паспорттор кантип даярдалып, "мыйзамдашары" көрсөтүлгөн. Ошондой эле, Тажикстандын Миграция кызматынын маалыматы боюнча 270 миң киши Орусиядан депортация болсо, анын жарымы же болбосо 130 миңден ашууну жогорудагыдай жол менен кайрадан жаңы паспорт алган болсо, иликтөөнүн автору анда орточо эсеп менен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин паспорттук каттоо кызматынын көмүскө кирешеси болжол менен 65-70 млн. долларга барабар экени белгилейт.

"Озоди" тажик кызматынын журналисти Якуб Халимов бул иштер байланыштар аркылуу чоң акчага жасаларын айтты.

"Албетте, бир караганда бул абдан оор жараян. Чоң акча, узак убакыт жана жакшы байланыштар керек болот. Мындай көмүскө иштер 10-15 күндүн ичинде аяктап, кызыкдар жарандар өзгөртүлгөн аты-жөнү менен жаңы паспортко ээ болушат. Башка бир мыйзамдуу жолдор аркылуу аты-жөнүн өзгөртүүгө арыз берилсе, андай учурларда бул жараян аябай узакка созулуп кетиши мүмкүн. Орточо мындай кыңыр жол менен мурдагы аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алууга 500 АКШ доллардын айланасында акча чыгымдалат. Эгерде сиздин тиешелүү мамлекеттик органдарда таасирдүү жана күчтүү байланыштарыңыз жок болсо, анда мындан дагы чоң акча төлөп берип, жаңы паспорт жасатууга туура келет. Канткен күндө дагы, азыр Тажикстанда ушундай жол менен жаңы паспорт алууга болот", - дейт Якуб Халимов.

Гозиге айланган Убайдулло

Иликтөөнүн жүрүшүндө аты-жөнүн өзгөртүп жаңыдан паспорт алган мигранттар бул өлкөгө мыйзамсыз киргени үчүн Орусияда кылмыш жообуна тартылган учурлар аныкталган.

Хатлон облусунун 35 жаштагы тургуну Убайдулло Алиназаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталып, 6 айга соттолгон.

Убайдулло 2015-жылы миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Орусиядан чыгарылган. Ал кайтып келип, досунун кеңеши боюнча аты-жөнүн Гози Фирузов деп өзгөртүп, жашаган жериндеги ички иштер бөлүмүнөн жаңы паспорт алган. Ал кайра Орусияга барып, үч жылдан ашуун мына ошол паспорт менен иштеп жүргөн.

Убайдулло Алиназаров 2019-жылы Орусияда жумушка патент алганда полиция манжа издерин текшерип, сот аны 6 айга түрмөгө кескен. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, Тажикстандан жаңы паспорт алганын танганда ага эски паспортунун көчүрмөсү көрсөтүлгөн. Абактан чыккан соң кайра Орусиядан чыгарылды.

Соттолгон мигранттар

Иликтөөнүн автору ушундай жагдайга туш болгон он жаран менен баарлашты. Алардын бардыгынын таржымалы окшош. Журналист Якуб Халимов бул иштин аты-жөнүн өзгөртүп, паспорт алган мигранттар үчүн кесепеттери оор болорун эскертет.

"Албетте, бул абдан коркунучтуу жана кийин оор кесепеттерге алып келе турган иш. Орусиянын Кылмыш-жазык кодексинин 322-беренесине ылайык, мурда өлкөдөн сот чечими менен чыгарылган чет элдик жарандар кийин аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт менен кайра кирген учурда мыйзам боюнча кылмыш болуп саналат. Анткени, мурда депортацияланган чет элдик жаран аты-жөнүн өзгөртүү аркылуу Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыпталып, ага жаза чарасы каралган. Бул жерде ал адам бир эле эмес, бир нече кылмыш беренеси менен жоопко тартылышы мүмкүн. Мыйзам бузган адам түрмөгө кесилип, ири акчалай айыпка жыгылып же кайсы бир мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Буга кошумча, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндө Орусиянын аймагынан чыгарылып, узак мезгилге чейин кайра кирүүгө тыюу салынат", - деди Якуб Халимов.

Тажик паспортун алуу оңой экени тууралуу Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын офицери Анатолий Чепига 2014-жылы Чехияга Руслан Табаровго жазылган тажик паспорту менен киргенде сөз болгон.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги чех бийлиги ал паспортту жарыялаганына карабай, ал адамга паспорт берилгенин төгүндөгөн.

Кармалган тыңчылар Николай Попа (Александр Петров) менен Руслан Табаровдун (Руслан Боширов) жасалма паспорттору, Прага.
Кармалган тыңчылар Николай Попа (Александр Петров) менен Руслан Табаровдун (Руслан Боширов) жасалма паспорттору, Прага.

Кыргызстандагы "паспорт бизнеси"

Жаңы паспорт алуу үчүн аты-жөнүн өзгөртүү бир эле Тажикстанга мүнөздүү эмес. 2015-жылы Кыргызстанда жаңы паспорт алуу үчүн 38 миң адам аты-жөнүн өзгөрткөнү ачыкка чыккан. Ички иштер министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бул боюнча кылмыш иштери козголгонун айткан эле.

Бакыт Сейитов. Ички иштер министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы.
Бакыт Сейитов. Ички иштер министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы.

"Аябай көп паспорттор мыйзамсыз берилип кеткен. Алардын арасында кылмыш жасап, эл аралык издөөдө жүргөндөр дагы бар. Аты-жөнүн толук алмаштырып туруп, жаңы паспорт алып алгандар. Анан дагы башка мамлекеттерден бизге депортация болгондордун арасында аты-жөнүн өзгөртүп, персоналдык ИНН номерлерин алмаштырып, паспорт алып алгандар толтура. Албетте, мунун бардыгы акысыз болгон эмес. Мындай жол менен жасалган ар бир паспорт 1500-2000 долларга сатылган. Алар боюнча кылмыш иштери козголду",- деген Бакыт Сейитов.

Кыргыз паспорту
Кыргыз паспорту

Мыйзам боюнча жаран аты-жөнүн өзгөртүү үчүн алгач туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алмаштырууга тийиш. Жарандык актыларды каттоо органы ага тиешелүү документтерди талап кылып, өзгөртүү себебинин негизинде жаранга жаңы күбөлүк берет.

Социалдык фонд болсо жаранга персоналдык ИНН кодун ыйгарат. Мына ошолордун негизинде гана жаңы паспорт алынат. Кыргызстанда болсо паспортту Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаменти даярдайт. Мекеменин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев аты-жөнүн өзгөртүп паспорт берүү бир эле мекеме аркылуу жүрбөстүгүн белгилеген.

Кыргызстан. Дүйшөн Сатыбалдиев. Калкты каттоо департаменттинин башчысы. 18-октябрь, 2011-жыл.
Кыргызстан. Дүйшөн Сатыбалдиев. Калкты каттоо департаменттинин башчысы. 18-октябрь, 2011-жыл.

"Паспорттор мыйзамсыз берилип кеткен учурлар дагы болушу мүмкүн. Бирок паспорттук бөлүмдөргө жеткенге чейинки тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан паспорт алууга керектүү тиешелүү документтер жасалма жол менен берилип жатпайбы. Мына ошол документтерди тапшырып, ошолордун негизинде көз боёмочулук менен жаңы паспорт алып алган учурларды көрүп жүрөбүз. Муну бир эле паспорттук бөлүмдөрдүн кызматкерлерине оодара салуу туура эмес", – деген болчу 2015-жылы Калкты каттоо департаменттинин ошол кездеги жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев.

Аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алган адам башка документтерин да алмаштырууга туура келет. Тажикстанда мурда мындай арыздарды кароо үч айга созулса, парламент ал мөөнөттү бир айга кыскарткан.

Бирок "Озоди" радиосунун журналисти атайын эксперимент жүргүзүп, акчага аты-жөнүн он күнгө жетпей өзгөртүп жаңы паспорт алуунун "сырын" иликтеди. Ал Тажикстандын жарандык абалды каттоо органына барып, бул күмөн иштин күңүрт чийимдери менен таанышкан. Журналист анда Орусиядан депортация болгон мигрант катары ЖААК (орусчасы ЗАГС) кызматкери менен сүйлөшүп, өз ара макулдашуусун диктофонго жазып алган.

Аты-жөнүн өзгөртүп жаңы паспорт алган, бирок Орусияда соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөгөн соң кайра мекенине чыгарылгандардын саны тууралуу тажик бийлиги так жооп берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG